Президент Алмазбек Атамбаев депутаттардын фракциялардын курамынан чыгуусуна жана депутаттык топторду түзүүсүнө тыюу салган мыйзамга кол койду.

Атамбаев «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө 31-июлда кол койду. Өлкө башчысынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутаттардын фракциялардан чыгуусуна тыюу салуу Конституциялык палатанын чечимине ылайык киргизилген.

«Мыйзамдын максаты – фракциялар курамындагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш тартибин так регламентациялоо, ошондой эле депутаттардын мыйзам чегинде фракциядан тышкары эркин депутат катары же депутаттык группалардын курамында жүрүүнү  четтетүү», — деп билдиришит президенттин басма сөз кызматынан.

2014-жылдын февралында президент менен парламент эгер депутаттын фракция менен саясий көз карашы дал келбесе ал фракция курамынан чыга ала деп уруксат беришкен.

«Ошондой парламентарийлер фракциянын ичинде же фракциянын сыртанда депутаттык топторго бириге алышат. Депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө президент тарабынан өткөн жылдын февралында кол коюлган», — деп жазган «К-Ньюс» маалымат агенттиги.

Бирок «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Эристина Кочкорова менен «Ата-Журт» жана «Республика» фракциялары ал регламенттин канчалык деңгээлде Конституцияга туура келери боюнча Конституциялык палатага сурам жөнөтүшкөн.

Палата өткөн жылдын сентябрында депутаттардын фракциялардын курамынан чыгуусун жана өзүнчө депутаттык топторду түзүүсүн «конституцияга каршы келет» деп атаган.

«Жогорку Кеңеште депутаттык топтордун болушунун Конституцияга каршы келери тууралуу палатанын чечими бүгүн кабыл алынды. Жогорку Кеңеш фракциялардан турат жана депутаттык топтор алар менен катар иштей алышат. Бирок ал топтордун фракциялар менен тең эч кандай ыйгарым укуктары жок», — деп билдирген анда Кочкорова.

Анын айтымында, фракциядан чыккан депутаттар «мандаттарын тапшыруулары керек болот». Конституциянын 73-беренесине ылайык, депутаттын ыйгарым укугтары мандатын өз каалоому менен тапшырган учурда же фракциядан чыккан учурда токтотулат.

V чакырылыш иштеген беш жылдын ичинде парламентте төрт депутаттык топ түзүлгөн: «Реформалар үчүн», «Ынтымак», «Өнүгүү» жана Демократиялык альянс.

Учурда парламенттин 120 депутатынын 13ү фракциядан сырткаркы же өзүнчө бир депутаттык топтордун мүчөсү болуп эсептелинет.

Фракциялардын курамынан чыгууга тыюу салуу ушул жылдын күзүндө өтө турган парламентик шайлоонун алдында жактырылды. Бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки өлкөдөгү экинчи парламенттик шайлоо болот.