Кристоф Рехаге — немис саякатчысы, жазуучу жана режиссер. Ал өзүнүн Кытайга жасаган саякатынан улам белгилүүлүккө жеткен — Рехаге бир жыл ичинде Пекинден Үрүмчүгө чейин 4500 чакырым аралыкты жөө басып өткөн. «Тайм» журналынын версиясы боюнча, анын ал саякаттын жүрүшүндө тартылган The Longest Way («Узак жол») тасмасы 2009-жылдын эң мыкты вирустук он видеосунун катарына кирген.
2014-жылдын күзүндө Рехаге Кыргызстанда болуп, өлкөнүн түрдүү шаарлары тууралуу укмуштуудай видеолордун сериясын тарткан. Анын тасмаларынын бардыгы тең өзү болгон жерлер, андагы адамдар тууралуу жолдогу кыска жазуулары менен коштолгон.
Kloop.kg Регахенин Кыргызстан тууралуу жазган баяндарынын котормосун жарыялайт.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Караколго келгенден кийин мен сегиз керебеттүү бөлмөдөн орун алдым. Анда менден башка дагы эки киши токтогон — бирөөсү Швейцариядан, экинчиси Өзбекстандан келген.
Кийинки бир нече күн ичинде мен кесме жасадым, аным начар болуп калды, анан вареники жасадым, ал анча эмес болду. Акырында даамдуу чүчбара даярдадым.
Анан да абдан көп квас ичтим.
Каракол мага Канзаска окшош сезилди: кең проспектилер, тосмолордун артына жашырылган бир кабаттуу үйлөр, ар кайсыл жеринде күбүлгөн шыбак, ээн имараттар жана короолорунда гүлдөр өстүрүлгөн бир нече жакшы каралган үйлөр.
Кайсыл бир жолу мен бактын ары жагынан мени таңыркап карап жаткан эки баланы көрдүм.
Мен анын бири-бирибизди аңдып жаткан оюн экенин түшүндүм да мен дагы бактын артына жашынып аларды карап баштадым. Балдар сүрдөп тургандай көрүндү.
Кийинки жолу мен тоодо адащып кеттим.
Караңгы түшкөн маалда мен жайытта эс алып, күндүн батышына, тоонун чокуларына, анын айланасын каптаган булуттарга суктанып отургам.
Мен ийри-буйру жалгыз аяк жол менен түшүп чоң жолго чыктым да айдоочудан кайсыл тарапты көздөй барышым керектигин сурадым.
Ал кара ниет адамдар бар болушу мүмкүн деп мага белгилүү бир жерлер аркылуу өтпөй эле коюу кеңешин берди. Ошондуктан мен башка тарапты көздөй жөнөдүм.
Ал жактан башка бир жолго туш келдим, ал таптакыр караңгы экен. Мен башыма чыракты тагып баратып күтүүсүздөн алдымда күйүп турган эки чекитти көрдүм.
Ал жарыктар жашыл же көк түстө беле? Же сары беле?
Ал чекиттер кыймылдап жатышты, бир канча убакыттан кийин мен алардын жылкынын көздөрү экенин түшүндүм.
Аны минип келе жаткан киши мага фабрикага барчу жолду көрсөттү. Мен ал жактан Мадинаны жолуктурдум. Ал түнкү сменде кыш бышырып иштейт экен.
Ал жерде күрөк менен күйүп жаткан көмүрдү таштап жатышкан анча чоң эмес чуңкурлар бар экен.
Мен өзүмдү 100 жыл мурунку мезгилге барып калгандай сездим.
«Биздин заводдун качан курулганын билесизби?», — деп сурады ал.
Завод совет мезгилинде курулуп, ага 80 жыл болуптур.
Толук жана жадырап-жайнап турган Мадина өзүнүн 38 жашынан бир топ улуу көрүнүп турду, а анын 14 жаштагы кызы жаңы гана немис тилин үйрөнүп баштаптыр.
Ал мага даяр кышты көрсөттү. «Үйлөрдү мына ушулар менен курушат», — деди Мадина.
Мен анын көмүрдөн улам карарып кеткен колдорун карап турдум да капыстан «Каракол» деген аталыштын «кара кол» деген эки сөздөн турарын эстедим.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак.
Которгон: Малика Баяз