Кыргызстанда 2015-жылдын июлу бул айга мүнөздүү болбогон көптөгөн чуулгандуу жаңылыктары жана сенсациялары менен эсте калды. Kloop.kgнин редакциясы Кыргызстандын жаңы тарых барактарында кала турган айдын эң маанилүү окуяларын топтоду.

2015-жылдын июлунун жыйынтыктары боюнча мазмун:

 

1. «Ислам мамлекети»

 

obr4-001

«Ислам мамлекети» өткөн айдагы эң башкы маалыматтык шылтоо булагы болуп калды окшойт.

Июлдун аягында YouTube видеохостинг сервисинде «Ислам мамлекетинин» пропагандалык тасмасы ― «Кыргызстан элине кайрылуусу» пайда болгон. Анда болжолдуу түрдө Кыргызстанда туулуп-өскөн белгисиз адам кыргызстандыктарды «каапыр өлкөлөрдөн Ислам мамлекетин көздөй динин сактап көчүп кетүүгө» чакырган.

Кайрылууда Кыргызстан «каапырлар өлкөсү» деп аталган.

«Анткени анда адамдар демократия сыяктуу инсандар тарабынан ойлонулуп чыгарылган мыйзамдар жана эрежелер менен жашашат», — деп түшүндүргөн видеодогу адам.

Видеодо «Фурат медианын» — «Ислам мамлекетинин» орус тилиндеги жарым-жартылай расмий пропагандалык каналынын логотибин көрүүгө болот.

Кийинчерээк кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети видеодогу адам ― Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулуп-өскөн 29 жаштагы кыргызстандык экенин билдирген. Бирок атайын кызматтагылар анын аты-жөнүн айтышкан эмес.

Бул боюнча макала жарыялангандан кийин Kloop.kgнин окурмандарынын бири редакцияга телефон чалып, УКМКнын маалыматын ырастады. Ал видеодо сүйлөгөн адамды таанып, анын аты Улан экенин жана аны менен бир мектепте чогуу окуганын билдирген.

Аталган видеотасма «Ислам мамлекетинин» Кыргызстандын жашоочуларына кайрылган алгачкы пропагандалык ролиги болду.

Видео алгач YouTubeге жарыялангандан алты саат өткөндөн кийин өчүрүлгөн, бирок кийинчерээк сервистин башка каналдарында пайда болгон.

Сирияга кетип жаткан кыргызстандыктардын санынын көбөйүп жатышына жооп кылып бийлик Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылышууларда согушуп жүргөндөр 8 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылышат.

«Ислам мамлекети» — «Аль-Каиданын» Ирак бөлүгү башында турган 11 экстремисттик уюмдун биригүүсү менен 2006-жылы түзүлгөн.

Уюм 2014-жылдын ортосунда, качан мүчөлөрү Ирактын аймагына кирип барып, өкмөттүк аскерлерди талкалоо менен Багдадга чейин кирип барганы аз калганда бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп баштаган.

Мазмунга өтүү

2. Бишкектеги «антитеррористтик» операция

 

Sequence 01.00_02_14_02.Still003

Бул жаңылык дагы «Ислам мамлекетине» байланыштуу ― 16-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын даярдыктагы бөлүгү Бишкекте бир жана шаар четинде эки «контртеррористтик» операция өткөрүп, алардын жүрүшүндө сегиз «согушкер» жок кылынып, дагы жетиси колго түшүрүлгөн.

Бишкектеги атайын операция эки жарым саатка созулган. Кийинчерээк атайын кызматтагылар билдиришкендей, ал операция Казакстандын эки жараны ― Альберт Абхин менен Жанбулат Амиров тарабынан түзүлгөн «Ислам мамлекетинин» жергиликтүү уячасына каршы өткөрүлгөн.

УКМКнын маалыматы боюнча, «Ислам мамлекетинин» жок кылынган уячасы эки терракт жасаганы жаткан: бирөөсүн 17-июлда, Бишкектеги Айт намаз маалында, экинчисин Канттагы авиабазада.

«Согушкерлер жүк ташуу унаасына өз алдынча колго жасалган жардыруучу заттарды койгону жатышкан, ал үчүн 500 килограмм аммиак селитрасын сатып алышкан. Андан соң ал унааны адамдар көп чогулган жерде жардырууну пландашкан», — деп билдирген анда УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов.

Мирсулжан Намазалиев: Өзгөчө кырдаалдардагы маалыматтардын маанилүүлүгү тууралуу

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети расмий билдирүүсүндө Абхин менен Амиров Казакстандын жараны болгондуктарын жана 2014-жылдын күзүндө Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен өтүп, Сирияга кетүүгө аракет кылгандыктарын ырастаган.

Операция коомчулукта ар түрдүү реакцияларды жаратып, аларды белгилүү бир көз караштарды кармангандардын бир нече тобуна бөлгөн:

  • УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери ― азаматтар, анткени «миңдеген күнөөсүз адамдарды куткарышты»;
  • операциянын Бишкектин калк жыш жайгашкан бөлүгүндө өткөрүлүшү кеминде «жоопкерчиликсиз» болду;
  • а чынында «ИМдин согушкерлери болгонбу?»;
  • алар «согушкерлер» эмес, а «Казакстандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү» болушкан.

Экинчи аргумент операциянын кесепеттерине байланыштуу болгон. Анткени анын жүрүшүндө жакын жайгашкан беш турак-үй өрттөнүп кеткен ― өкмөт, президент жана Бишкектин мэриясы жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам беришкен.

Арзымат Алдаяров: Бишкектеги атайын операцияны сындаган «келесоолор» тууралуу

Операциялар өткөрүлгөндөн бир нече күндөн кийин Бишкекке өлтүрүлгөн «согушкерлердин» туугандары келишкен. Ал «согушкерлер» Кыргызстанда төрөлүшкөн ― көпчүлүгү Нарын облусунун Ат-Башы районунда.

«Согушкерлердин» туугандары жерге берүү үчүн алардын сөөктөрүн берүүнү өтүнүшкөн, бирок бийликтегилер баш тартышты. Ошондой эле алардын жакындары маалымат жыйынында өлтүрүлгөндөрдүн эл аралык террористтик уюмдарга тиешелери бардыгы тууралуу маалыматтарды четке кагышкан.

«Фурат Медиа»  террористтик топко байланышкан бардык окуяларды активдүү чагылдырып келгени менен медиа-басылма «Ислам мамлекетинин согушкерлерине» каршы Кыргызстанда өткөрүлгөн «антитеррористтик» операцияларга эч кандай реакция кылган жок.

Бишкектеги Айт намаз: Муфтият «терроризмге каршы биригүүгө» чакырды

«Фураттын» веб-сайтында жана социалдык түйүндөрүндө чагылдырылган Кыргыз Республикасына байланышкан жалгыз окуя — бул «Ислам мамлекетинин» «Кыргызстан элине кайрылуусу».

Мазмунга өтүү

3. АКШ менен болгон келишимди денонсациялоо

 

Downloads5

21-июлда Кыргызстандын өкмөтү АКШ менен кызматташуу боюнча базалык келишимди денонсациялаган ― бийлик мындай кадамга кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаровго Мамлекеттик департаменттин «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгынын ыйгарылышына жооп катары барган.

Аскаров 2010-жылы «массалык башаламандык уюштуруу», «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышуу» айыптары боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган. Укук коргоочулар процесстин жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулардын жана анын «бир тараптуу» болгондугун билдиришкен.

Окуя өтө тездик менен өнүккөн жана аны ырастоо үчүн окуялардын хронологиясын келтиребиз:

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн аракетин алты күндөн кийин колдоду ― журналисттер менен болгон маегинде ал Аскаровдун сыйланышын «атайын жасалган чагымчылдык» деп атады.

«Көпчүлүгү сыйлык ыйгарса ыйгарыптыр да деп жатышат. Бирок чынында чөпкө от койгондой болуп атат. Ал же өчүп, же өрт чыгып кетиши мүмкүн. Муну менен өзбек жамаатынын аң сезимине Кыргызстанда алар үчүн акыйкаттык жок дегендей ой жаратылууда. Бул атайын улут аралык мамилеге от жагууга багытталып жасалган чагымдай сезилет», — деп билдирген анда президент.

Эки күндөн кийин Кыргызстанга АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Ричард Хоугланд келип, тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов менен жолуккан.

Хоугланд Kloop.kgге курган эксклюзивдүү маегинде кыргыз бийлигинин Кыргызстанда «туруксуз абал жаратуу» айыптоосун «нонсенс» деп атап, америкалык бийлик үчүн келишимдин денонсацияланышы «күтүлбөгөн окуя» болгонун билдирген.

«Буга чейин мен айткандай, мамлекеттер ортосундагы мамилелер үй-бүлө мүчөлөрү ортосундагыдай эле кээде начарлап, кээ бирде нормалдашып турат. […] Биздин Кыргызстан элине мындан ары жардам берүүбүз үчүн бир катар көйгөйлөр жаралды, бирок биз өлкөлөр ортосундагы позитивдүү кызматташууну удантуу үчүн тийиштүү чечимдерге келебиз деген ишенимдемин», — деп эсептейт Хоугланд.

Аны менен катар Хоугланд азырынча АКШ келишимдин бузулушу кандай натыйжаларга алып барышы мүмкүндүгүн так аныктай электигин кошумчалаган.

«Кызматташуунун алкагындагы көмөктөшүүнүн бардыгы тең америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасын талап кылгандыгы да маанилүү учурлардын бири деп ойлойм. Албетте Конгресс сөзсүз түрдө биздин акчалар каякка жумшалып жатат деп сурайт жана ал бир катар кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн», — деген ал Kloop.kgге берген маегинде.

Мазмунга өтүү

4. Нарымбаевдин кармалышы

 

12142

Данияр Нарымбаев ― президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын мурдагы башчысы ― пара талап кылууга айыпталып 22-июлда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн «мүлкүн конфискациялоо маселесинин оң жакка чечилиши» үчүн 200 миң АКШ долларын талап кылган.

Кийинчерээк, Бишкектин Октябрь райондук соту Нарымбаевди 15-сентябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Нарымбаев депутат Хаджимурат Коркмазов кармалгандан бир апта өткөн соң, жергиликтүү ЖМКлар парламентарий Түлеевдин үй-бүлөсү менен президенттин аппаратынын мурдагы башчысынын ортосундагы «ортомчу» болгондугу тууралуу маалыматтарды таратып баштагандан кийин кармалган.

Нарымбаев кармалгандан эки күн мурун президенттин аппаратынын башчысы кызматынан кеткен, анын эртеси экс-мэрдин кызы Назгүл Түлеева 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде пара талап кылуунун чоо-жайын айтып берген.

«Ал акчаларды мыйзамсыз конфискация маселеси боюнча мыйзамдуу чечимдин чыгарылышы үчүн талап кылышкан. Аны менен катар бизге төмөндөгүдөй дешкен: эгер бул шарттарга көнбөсөңөр атаңарга басым күчөйт, жаңы иштердин козголушу үчүн себептер табылып, бизнес толугу менен мүмкүн болгон бардык багыттар боюнча кысымга алынып баштайт», ― деп билдирген ал.

Президент Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушуусунда Нарымбаевди коргобостон анын кармалышы ― «башкалар үчүн сабак» болорун билдирген.

«Мен аны менен сүйлөшкөндө уурулуктан башкасынын бардыгын тең кечире турганымды эскерткем. […] Мен бул ишти токтото алмакмын. Бирок андай кылбайм. Тескерисинче, мен бул кылмыш ишинин козголушун каалагам. Буга чейин коррупция Ак үйдүн 7-кабатына чейин жетти деп айтып келишкен. Тазалоо керек», — деп билдирген анда өлкө башчысы.

Мазмунга өтүү

5. Ырчы Омар «алдамчылыкка» айыпталды

 

events_28-17-1340x760

Популярдуу ырчы Омар (чыныгы аты ― Өмүрбек Жанышев) ири көлөмдөгү төө буурчак сатууда алдамчылыкка барган деген айып менен 28-июлда Талас облусунда кармалган.

Ошол эле күнү Талас райондук соту тергөө аяктаганга чейин аны бир айга камакка алуу чечимин чыгаргандан кийин жүрөгүндөгү көйгөйлөрдөн улам ырчы ооруканага жаткырылган.

Ырчы менен анын таанышына каршы кылмыш иши Талас облусунун жашоочусу арыз менен кайрылгандан кийин козголгон.

“[Ал] өткөн жылы Омар менен таанышы андан бир нече ондогон тонна төө буурчак алышканын билдирди. Акчасын дагы деле берише элек экен, фермер ушуга чейин күтүп, чыдамы кеткен соң аталган адамдарга карата чара көрүү арызы менен бизге кайрылган», — деп билдирген ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев ырчы кармалары менен.

Аткаруучунун продюсери Миргүл Эсеналиева Омардын күнөөсүн четке кагып, бул ишти аны айыптоо үчүн «атайын даярдашкан» деп эсептейт.

Ырчынын кармалышы кесиптештери жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын көп түрдүү реакциясын жаратты.

Тема боюнча окуу: Омардын кармалышы: соцтармактардын реакциясы

Мазмунга өтүү

6. Өтө ысык аба ырайы

 

жара в Бишкеке

2015-жылдын июлунун башындагы ысык 60 жылдан берки рекорддон ашып өттү.

«Погода и климат» порталынын маалыматы боюнча, күндүз абанын температурасы 42,1 градус ысыкка чейин жеткен.

Тема боюнча окуу: Ысык уруудан кантип сактануу керек?

«Кыргызгидрометборбору» өтө ысык аба ырайы июлдун ортосунда аяктап, чагылгандуу жаан-чачындардын болорун эскерткен ― бирок жыйынтыгында андай болгон жок.

Июлдун аягында гана, 21чи, 23чү жана 28-июлда бир аз жамгыр жааган.

Мазмунга өтүү