Кыргызстанда жолбун иттер көйгөйү көптөн бери эле бар. Алардын санын азайтуу боюнча бийликтин бардык аракеттери натыйжасыз болуп келет. Бишкектин мэриясы менен жаныбарларга жардам берчү кыргыз фондунун өкүлдөрү Kloop.kgге көйгөйдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору тууралуу айтып беришти.
Бишкек бийлиги 2011-жылдан тарта жолбун иттерди атып баштаган.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, 2014-жылы 10 миңден ашык жолбун ит атылган, а ал үчүн шаардык бюджеттен 3,5 млн. сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Мэриянын басма сөз катчысы Мусуркул Кабылбеков Kloop.kgге берген маегинде ар бир атылган ит атайын комиссия тарабынан жазылып, андан соң алар көмүү үчүн шаар четиндеги таштанды төгүлчү жерге жеткирилерин айтты — анда алар үчүн атайын чуңкур каралган.
«Адатта атуу иштери жарандарга коркунуч туудурбас үчүн адамдар аз кезде, таң атпай жүргүзүлөт», — деди Кабылбеков.
https://soundcloud.com/kloop-1/ri63mnlfkbnh?in=kloop-1/sets/kloop-media#t=0:00
Анын айтымында, атылган иттердин көбү жаңы конуштарга туура келет. «Тазалыктын» жумушчулары иттерди атууда «алардын кам көрүлгөн сырткы көрүнүшү жана кынжысынын бар-жоктугуна карап» аныкташат.
Ал жолбун иттердин көбөйүшүнүн башкы көйгөйү «кожоюндарынын жеңил ойлуулугу» болуп эсептелерин айтты.
«Тилекке каршы адамдар ит багып алууга жеңил ойлуу мамиле кылышат, кийин аларды көчөгө кубалап жиберишет, анан албетте ал иттер жолбун иттердин тобуна кошулушат», — деп эсептейт мэриянын басма сөз катчысы.
Бишкекте иттердин атылышы 2011-жылы көптөгөн сын-пикирлерди жараткан — активисттер менен борбордун бир катар жашоочулары мэрияга иттерди бычууну же аларды бага турган жай ачууну сунушташкан.
«Биз бычуу менен алектенбейбиз. Ит багуу жайын кармап турууга көп каражат кетет», — деп билдирди Кабылбеков.
Мэриянын маалыматы боюнча, 2014-жылы Бишкекте иттердин адамды тиштеп алган 2381 учур катталган, алардын ичинен жолбун иттердин саны — 506, а үйдө кармалган иттердин саны 1875ти түзгөн.
«Биринчи кезекте биз жолбун иттердин кол салуусунан балдарды, жашоочуларды коопсуздандырышыбыз керек. Биз эпидемиологиялык абалга көз салышыбыз керек», — деди Кабылбеков.
Анын айтымында, орточо эсеп менен кыш мезгилинде болжол менен 500, а жазында 1500 ит атылат.
Атуу 16чы жана 20-калибрдеги курал менен ишке ашырылат. Мэриянын басма сөз катчысы шаар бийлиги борбордо иттердин көбөйүп жатышы көйгөйүн чечүү боюнча бейөкмөт уюмдар менен өз ара кызматташпастыгын айтты.
Жаныбарларга жардам берген «Жашоо укугу» кыргыз фондунан атуу жолбун иттердин санынын көбөйүшү көйгөйүн чечпестигин айтышты. Алардын пикирлеринде, көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу — бул иттерди бычуу.
«Жашоо укугу» фонду өз ишин 2011-жылы баштаган. 10 ыктыярчы иштеген ит багуу жайында 40ка жакын ит бар.
«Кыргызстанда иттерди бага турган жайлар таптакыр жок. Мамлекет тандап алган жалгыз жол — бул аларды атуу. «Тазалыктын» маалыматтары боюнча, 2011-жылы Бишкекте 20 000 жолбун ит болгон, бирок биздин баамыбызда, алардын саны — 30 000, ошондой эле дагы 100 000ге жакын көзөмөлсүз иттер бар. Эмнеге жолбун иттер пайда болот? Анткени алар багып алууну каалаган адамдарга караганда көп туулушат. Көйгөйдү чечүүнүн иттерди бычуудан башка жолу жок», — дейт фонддун негиздөөчүсү Алла Кобцова.
Ыктыярчылар тарабынан куткарылган иттер сөзсүз түрдө бычылат. Ар бир 40 иттин өзүнүн каймана аттары бар. Ыктыярчылар иттерге сый мамиле кыла тургандыктарын айтышууда.
«Бизде «Жекшембидеги ата» деген аталыштагы долбоор бар, анда бул жакка бир нече киши келип, иттерди сейилдетүү менен алектенишет», — деди ыктыярчы Надежда Боголюбова.
Авторлор: Дарина Капарова жана Анастасия Стрельникова.
Сүрөт: Анастасия Стрельникова.