Болгария бийлиги канадалык корпорациянын мурдагы президенти Леонард Хоменюкту Кыргызстандын талабы менен кармады — Бишкек аны коррупцияга айыптоодо. «Центерра» кыргыз бийлигинин айыптоосун «негизсиз» деп атады.

Хоменюктун кармалгандыгы тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады, деп жазды «Азаттык» радиосу сайтына.

ТИМдин маалыматы боюнча, «Центерранын» мурдагы башчысы Интерполдун эл аралык издөөдөгү адамдардын базасында болгондуктан 3-августта чек ара көзөмөлүнөн өтүн жаткан маалда кармалган.

Министрликтен Хюменюк «кылмышка катышууга» жана «коррупцияга» айыпталып жатканын билдиришти.

«Издөөнүн демилгечиси — жогорудагы беренелер боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеп жаткан Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы. Иштин фигуранты эл аралык издөөгө 2014-жылдын сентябрында жарыяланган», — деп жазган «Азаттык» радиосу ТИМдин билдирүүсүн.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Хоменюктун экстрадициясы маселесин чечүүгө аракет кылууда.

Хоменюк орусиялык «Полиметалл» корпорациясынын көз карандысыз директору болуп эсептелет.

«Центерра Голд» — «Кумтөр» алтын өндүрүү ишканасынын жана ошондой эле аталыштагы кендин 100 пайызына ээлик кылат. Өз кезегинде Кыргызстан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат.

«Айыптоолор негизсиз»

«Центерра Голд» Хоменюктун кармалышына карата 4-август күнү эртең менен реакциясын билдирди — корпорациянын маалыматы боюнча, кыргыз бийлигинин айыптоолору «толугу менен негизсиз» болуп эсептелет.

«[Компания] ал айыптоолорду буга чейин карап чыгып, алардан эч кандай негиздерди тапкан эмес. «Центерра» Кыргыз Республикасынын бийлигинен мындай ишенимдүү айыптоолорго себеп болгон чыныгы негиздер тууралуу маалымат берүүнү бир нече жолу өтүнгөн, бирок андай маалымат берилген жок», — деп жазды компания билдирүүсүндө.

«Центерранын» маалыматы боюнча, айыптоолор 2003-2004-жылдардагы «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү маселелерине байланыштуу — Хоменюк алтын өндүрүү ишканасы боюнча экинчи келишимди даярдоо маалында «мыйзамга туура келбеген бүтүмдөргө» катышкан деп айыпталууда.

Канадалык корпорация мурдагы башкы директорунун кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирип, Хоменюктун кармалышынын мыйзамдуулугун кайрадан карап чыгуу боюнча анын аракеттерин колдоого алды.

Коррупцияга айыптоо

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин 2003чү, 2004чү жана 2009-жылдары «Кумтөр» боюнча келишим түзүүдөгү коррупциялык схемалар боюнча козгогон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын ал кездердеги өкмөттүк чиновниктери «көзкөрүнөө пайдасыз келишимдерди» түзүшкөн.

Ал кылмыш иши боюнча Хоменюктан сырткары айыпталуучу катары «Кыргызалтындын» мурдагы башчысы Алмаз Жакыпов менен мурдагы каржы министри Болот Абильдаев дагы өтүүдө.

Тергөө иштери чет элдик юридикалык жактар менен Кыргызстандын кызмат адамдарынын ортосундагы коррупция тууралуу кылмыш иши боюнча жүргүзүлүүдө. Бул иштин фигуранттарынын бири болуп Леонард Хоменюк эсептелет.