Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки күндүн ичинде экинчи жаңжал болду эки тараптан тең 500гө жакын киши чогулуп, бири-бирин көздөй таштарды ыргытышты. Тараптар ок чыгарууга бирин-бири айыптап жатышат. Түрдүү маалыматтар боюнча, кеминде беш киши жаракат алды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек  ара кызматы кыргыз жана тажик жарандары Баткен облусундагы Көк-Таш айылынын аймагына чогулушуп, «бири-бирин көздөй таштарды ыргытып баштагандыктарын» билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, анын жыйынтыгында үч кыргызстандык жаракат алган.

«Биз расмий түрдө билдиребиз: Кыргызстандын чек арачылары кыргыз-тажик чек арасындагы бүгүнкү жаңжалдын жүрүшүндө курал колдонушкан жок. Болжолдуу маалыматтар боюнча, сайсыз мылтыктан бир жолу ок чыгарылган, бирок Тажикстандын аймагынан. Кыргыз тараптан ал атылган октун курмандыктары жок», — деп билдиришти Kloop.kgге Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан.

e38b0f03f1d9f25326480d9120c292dc_500_0_0

24.kg маалымат агенттиги эки тараптан тең 500гө жакын киши чогулганын билдирди.

«Азия-Плюс» тажик маалымат агенттиги өлкөнүн укук коргоо органдарына шилтеме жасоо менен «кыргыз тараптан чыгарылган октон улам» Тажикстандын эки жараны жараат алгандыгын билдирди.

«Азия-Плюстун» маалыматы боюнча, кыргызстандыктар Тажикстандын Согди облусундагы Сомониен айылынын жашоочуларынын бир нече үйүн өрттөп жиберишкен.

b83c635e1876ad32de80b0af432f52b5_500_0_0

Кыргыз чек ара кызматы жаңжал болгон аймакта эки тараптын тең жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Тараптар сүйлөшүүлөрдү өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун деңгээлинде улантуу чечимине келишкен.

«[Эки өлкөнүн] чек ара өкүлдөрү чек арага жакын райондордогу абалга көз салып жатышат, кырдаал курчуп кете турган болсо чек ара бөлүктөрү биргелешкен аракеттерге барууга даяр», — деп билдирди мекеме.

Downloads6

Жаңжалдардын экинчи күнү

Бул мамлекеттик чек арадагы эки күн ичинде болгон экинчи кагылышуу — 3-августта 120га жакын тажик менен 80ге чукул кыргыз бири-бирин көздөй таштарды ыргытып башташкан.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жаңжалдын чыгышына Тажикстандын жарандары кыргыз айылынын жашоочулары бара турган көрүстөндүн жолун тосуп алгандыгы себеп болгон.

Көрүстөнгө барчу жол тажик үй-бүлөлөрү жашаган Май айылы аркылуу өтөт. Нааразычылык катары кыргызстандыктар Чорку тажик айылына барчу сууну тосуп салышкан.

719c00c1b3a69dc8839431e5c38ad922_500_0_0

Тажик ЖМКлары болсо окуянын таптакыр башкача болгондугун билдиришүүдө — Май айылынын жашоочулары жолду каналдагы суунун кыргызстандыктар тараптан буулушуна жооп катары тосушкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, 3-августтагы жаңжалдын жүрүшүндө Кыргызстандын беш жараны түрдүү даражадагы жаракаттарды алып, жети үй жана бир автоунаа зыянга учураган.

1053a6226de8a7ec28d3aa91a90b91c1_500_0_0

«Узак окуя»

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу окүлү Жеңиш Раззаков КирТАГ маалымат агенттигине берген маегинде аталган аймактын жашоочуларынын ортосундагы жаңжал узак окуяга ээ экенин айткан.

«Көк-Таш айылында Кыргызстандын да, Тажикстандын да жарандары жашашат. Кээ бир жерлерде алардын үйлөрү шахмат тартибинде курулган. Маңдайдагы коңшусу Тажикстандын жараны болуп, а жанындагысы Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн. Бардыгы бир жыл мурун эле башталган. Айылдык көрүстөнгө барчу жол тор менен тосулган, анткени жолдун ал бөлүгү тажикстандык Пакыр Шороповго тиешелүү. Анда тараптар айылдаштардын бардыгы тең ал жол аркылуу тоскоолдуксуз өтө алат деп макулдашышкан», — деп билдирген ал агенттикке.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинин узундугу 978 чакырымды түзөт, алардын 530у делимитацияланган. Талаштуу 448 чакырым Тажикстандын Согди облусунун калк жыш жайгашкан райондору аркылуу өтөт.

Тажик тарап чек араны 1924-1927-жылдардагы документтерди эске алуу менен аныктоону сунуштап жатат, а Кыргызстан болсо 1958-жылдагы тең укуктуу комиссиянын материалдарын эске алуу зарыл деп эсептөөдө.

Азырынча тараптар бир пикирге келише элек, ошондуктан бул багытта сүйлөшүүлөр уланууда. Талаш аймактарда чек ара жаңжалдары тез-тез болуп турат, анын ичинде курал колдонгон учурлар да кездешет.

Сүрөт: «Турмуш» маалымат агенттиги.