Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын түштүгүндө жер силкинүү болушу ыктымалдыгын эскертти — анын күчү 9 баллга чейин жетиши мүмкүн. Азырынча мекемеде ал тууралуу так маалымат жок, бирок жаратылыш кырсыгы 2015-жылдын аягына чнйин болушу ыктымал деп божомолдонууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым райондору өзгөчө кооптуу аймак катары эсептелерин айтышууда. ӨКМдин маалыматы боюнча, зилзаланын күчү 7-9 баллга жетиши мүмкүн.

ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун өкүлү Мухаммед Сваров Kloop.kgге берген маегинде алар жер титирөөнү 2015-жылдын аягына карата күтүп жаткандыктарын айтты.

«Бул болгону божомол, анын качан болору эч кимге белгисиз — балким жылдын ичинде, Жаңы жылга чейиндир», — деди ал.

vb.kg жаңылыктар сайты экинчи кооптуу аймак болуп Ысык-Көл облусундагы Түндүк Тянь-Шандын аймагы жана үчүнчү аймак болуп Ош, Баткен облусундагы Түштүк Фергана жаракасы эсептелерин билдирди.

Америкалык Сейсмология коомчулугунун маалыматы боюнча, окумуштуулар азыркыга чейин жер силкинүүгө байланышкан физикалык процесстердин деталдарын жана алар тууралуу алдын ала айтуунун ыкмаларын билишпейт.

«Алдыдагы жер титирөөлөр боюнча божомолдордун бардыгы тең кайсыл бир деңгээлде гана ийгиликтүү болушу мүмкүн», — деп жазган италиялык окумуштуу-сейсмологдор Франческа Муларгия менен Паоло Гасперини 1992-жылкы биргелешкен эмгектеринде.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын түштүгүндөгү акыркы катуу жер силкинүү 2008-жылдын 1-январында болгон — анын очогу Ош шаарынан 30 чакырым алыстыкта болуп, күчү 6 баллды түзгөн. Анда эч ким жабыркаган эмес.

Ал жер силкинүүнүн жыйынтыгында ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгына 2008-жыл ичинде 3860 кайрылуу болгон; 50 орто мектептин имараты, 17 бала бакча, 22 медицина мекемеси, 58 административдик имараттар жана 3713 турак-үй зыянга учураган.

Автор: Эльнура Алканова