Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча документтерди ратификациялады.

Назарбаев документке 5-августта кол койду, деп жазылган Казакстандын президентинин расмий сайтында.

Казак мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин арасынан Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусун акыркы болуп жактырды. Буга чейин тиешелүү документке Армениянын, Орусиянын жана Беларустун президенттери кол коюшкан.

9-июлда Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов жергиликтүү ЖМКларга курган маегинде республиканын ЕАЭБге кошулуу процесси биримдикке мүчө өлкөлөрдүн президенттери тиешелүү кагаздарга кол коюп, алар Евразиялык экономикалык комиссиянын документтер банкына барып түшкөндөн кийин аяктарын билдирген.

13-июлда ЕЭКтин техникалык көзөмөлдөө маселелери боюнча министри Валерий Корешков Кыргызстандын чек араларды ачууга толук даярдыгы тууралуу билдирген.

Өкмөттүн 29-июлдагы жыйынында кыргыз экономика министри Панкратов Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы санитардык көзөмөлдү алгандыгын билдирген.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн биримдикке кириши үчүн керектүү акыркы протоколдорго 2015-жылдын 8-майында Москвада кол койгон, а 20-майда ал документтерди Жогорку Кеңеш ратификациялаган.

Евразиялык биримдикке кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. 2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.

Жол картасы өз ичине тиешелүү мыйзамдардын, ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышын, ошондой эле бажы жана чек ара өтмөктөрүнө жабдууларды орнотуу иштерин камтыган.

Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, өлкө башчылары менен жолугушуп, бизнес-форумдарга катышкан. Ал европалык ишкерлерди Кыргызстандын ЕАЭБ менен Кытайдын рынокторуна чыгууга «ачкыч» болуп бере тургандыгына ишендирген.