Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Көк-Таш айылынын администрациясын 3-4-августта болгон мамлекеттик чек арадагы жаңжалды курчутууга айыпташты. Кыргыз жана тажик жарандарынын чек арадагы тирешүүсүнөн улам кеминде 13 киши жаракат алган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы 4-август күнү күндүз Баткен райондагы Көк-Таш кыргыз айылы тараптан Сомониён тажик кыштагынын жашоочуларын көздөй «аңчылык мылтыктан ок чыгарылгандыгын» билдирди.

«Ошондой эле кыргыз айылынын жашоочулары күйүүчү суюктук куюлган айнек бөтөлкөлөрдү пайдаланышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 6 киши жаракат алган. Алардын экөөсүнүн абалы оор», — деп жазган «Азия-Плюс» маалымат агенттиги тажик чек ара кызматынын билдирүүсүн.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз тараптан курал атылгандыгы тууралуу маалыматты четке кагып, ок тажик тараптан атылганын билдирген.

Тажик чек арачыларынын версиясы боюнча, жаңжал 25-июлда башталган — Сомониен кыштагынын жашоочулары Исфара дарыясынан айылга суу түтүгүн өткөрүүгө аракет кылышкан.

Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ошол маалда Сомониендин жашоочуларына башында Көк-Таш кыргыз айыл айагынын башчысы Разия Өсөрова турган 120-150 айыл тургуну барып, жалпы колдонуудагы көрүстөнгө барчу жолдун берилишин талап кылышкан.

«Билдирүүдө Өсөрова жердештерин Тажикстандын жарандарына каршы койгондугу белгиленген», — деп жазды «Азия-Плюс» Чек ара кызматынын билдирүүсүн.

Анда тараптар ортосундагы жаңжалды Исфара районунун башчысы Даврони Зохидзода менен Баткен районунун башчысы Кеңеш Салихов токтоткон — ал суу түтүгүн тартуу маселесин 28-июлга чейин чечип берүүнү убалашкан, бирок маселе чечилген эмес.

«Билдирүүдө маселенин чечилбегендиги жана 3-августта ал жаңжалга айланып, тараптар бирин-бири көздөй таштарды ыргытып башташкандыгы белгиленген», — деп жазган «Азия-Плюс».

Жаңжал тууралуу Коомдук телеканалдын сюжети:

Эки күндүк жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги жаңжал 3-4-август күндөрү болгон — эки күн катары менен Көк-Таш жана Сомониён чек ара айылдарынын жашоочулары бирин-бири көздөй таштарды ыргытышкан. Тараптар анын жыйынтыгында кеминде 13 киши жаракат алгандыгын билдиришүүдө.

Жаңжалдын алгачкы күнү эки тараптан тең 200гө жакын киши катышкан, а экинчи күнүндө ага катышкандардын саны өсүп, 500гө чейин жеткен.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын билдирүүлөрү боюнча, учурда чек арадагы абал турукташып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.