1-августтан тарта Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтер 10 пайызга кымбаттады — эми жарандар 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан төлөп башташат.

Айына 700 кВт саатка чейинки электр энергиясын пайдаланган абоненттер үчүн тарифтердин жогорулашы 10 пайызды түзөт — баасы 70 тыйындан 77 тыйынга чейин жогорулады.

Белгиленген 700 кВт саат чектен көп колдонгон жарандар үчүн баа — 2,05 сомдон 2,16 сомго чейин жогорулады.

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев тарифтердин жогорулашын калктын электр энергиясына «кылдат мамиле кылуусуна» «түрткү берүү» менен түшүндүрдү.

«Биз жаңы тарифтерди 2015-жылдын 1-апрелинен тарта киргизишибиз керек болчу, бирок ал кезде бизде дарыяларыбыздагы суунун көлөмдөрү,  суу сактагычка суунун келүүсү жана инфляция  боюнча жетиштүү маалыматыбыз жок болчу. Ошондой эле электр энергиясын импорттоо боюнча да жетиштүү маалымат болгон эмес», — деп билдирди Элебаев маалымат жыйынында.

Ал электр энергиясынын баасын 1 кВт сааты үчүн 84 тыйын деңгээлинде бекитүү пландалгандыгын, бирок президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев жолуккандан кийин тарифтерди «акырындык менен» жогорулатуу чечими кабыл алынгандыгын белгиледи.

Кыргызстандын бийлиги тарифтерди 2014-жылдын ортосунда жогорулатып баштаган — анда коомчулукка өкмөттүн орто мөөнөттүү тарифтик саясаты тааныштырылган.

Анда бийлик тарифтерди 70 тыйындан 1,2 сомго чейин жогорулатууну каалаган. Өкмөттүн ал аракети жалпы өлкө боюнча нааразычылыктарды жараткан — кээ бир облустардын жашоочулары электр энергиясынын кымбаттыгына даттанышкан.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту тарифтерди жогорулатуу боюнча өкмөттүн алгачкы токтомун жокко чыгарган.

Тарифтердин жогорулашы өлкөдөгү энергетикалык каатчылыктын фонунда болгон — 2014-жылы Кыргызстандын түштүгү 8 ай газсыз калган, а Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздиги тууралуу билдирген.

Декабрда өкмөт жаңы тариф саясатын киргизген — ага ылайык, белгиленген 700 кВт сааттан ашык пайдалангандар үчүн 1 кВт саат электр энергиясынын баасы 70 тыйын, жана андан көп керектеген абоненттер үчүн 2,05 сом болуп калган.

Бийлик мындай кадамга электр энергиясын Казакстандан импорттоп баштагандыктан барган — казак электр энергиясынын баасы 1 кВт сааты үчүн 5,13 сомду түзгөн.

Кыргыз бийлиги 2015-жылы электр энергиясын импорттоо уланарын билдиришкен.

Аны менен катар кышында Кыргызстандын Энергетика министрлиги керектөөчүлөр электр энергиясын үнөмдүү пайдаланып калгандыктарын кабарлаган.

Министрликтин билдирүүсү боюнча, ал ортодо Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү июлдун аягына карата 11,5 млрд. куб метрди түзгөн.