Америкалык сенаторлор Шейла Гуолтинин АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына дайындалышын колдошту. Америкалык дипломатиялык миссиянын жаңы башчысынын дайындалышы Бишкек менен Вашингтондун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин курчушунун фонунда болууда.

Гуолтнинин дайындалгандыгы тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросу өзүнүн твиттер-аккаунту аркылуу билдирди. Сенаттын чечими чет өлкөдөгү дипломатиялык миссия башчысынын биротоло дайындалгандыгын түшүндүрөт.

Америкалык сенаторлор Гуолтниден сырткары Шри-Ланкадагы (Атул Кешап), Непалдагы (Элейн Теплиц) жана Пакистандагы (Дэвид Хейл) элчилеринин талапкерликтерин колдошту.

Мурда Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде иштеген — ал 1999-жылдан 2001-жылга чейин жооптуу кызматтарды ээлеген. Анын айтымында, анда ал элчинин орун басары кызматында болгон.

Америка бийлиги Кыргызстандагы жаңы элчисин кыргыз өкмөт АКШ менен кызматташуу тууралуу базалык келишимди денонсациялагандан көп өтпөй дайындады.

Америкалык Ак үйдүн маалыматы боюнча, АКШнын президенти Барак Обама Гуолтнинин талапкерлигин 2014-жылдын августтунда эле сунуштаган.

Гуолтни сенаторлордун алдында сүйлөгөн сөзүндө дипломатиялык кызматта 30 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатканын айтты.

Кыргызстандагы элчиликке дайындалганга чейин Гуолтни АКШнын Орусиядагы элчилигинде иштеген, а качан Майкл Макфол Москвадагы дипломатиялык миссиянын башчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда кеткенден кийин ал убактылуу ишенимдүү өкүл катары иштеген.

Ал украин каатчылыгынан улам Орусия менен Батыштын ортосундагы мамилелердин курчушу фонунда 2014-жылдын жазында дипломатиялык миссиянын башчысы милдетин аткарган.

AllGov порталынын маалыматы боюнча, Гуолтни Украинадагы америкалык элчиликте иштеп жүргөн 2006-жылы жазган дипломатиялык жашыруун билдирүүлөрүндө Орусиянын Киев үчүн коркунуч жаратышы, анын ичинде Крымды аннексиялоо коркунучу тууралуу жазган.

Бишкекте ал Кыргызстандагы ыйгарым укуктары аяктагандан кийин АКШнын Өзбекстандагы элчиси болуп кеткен Памела Спратленди алмаштырат.