Эң көп адам кирген «Билайв» кыргыз видео-порталы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам бир суткадан ашык убакыттан бери иштебей эле. Азырынча сайттын иши качан калыбына келтирилери белгисиз.

Сайттын дарегин терип киргенде браузер ката кеткендигин билдирүүдө.

«Билайв» сайтынын хостингин ишке ашырган «ProHost» компаниясынын кызматкерлери портал 5-августтун 12:00нөн бери иштебей жатканын айтышты.

blive.kgге жарнамаларды жайгаштыруу менен алектенген «I Do Marketing» жарнама агенттигинен сервистин администрациясына шилтеме жасоо менен сайт техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей жатканын билдиришти.

«Билайвдын» негиздөөчүсү маалымат каражаттарына түшүндүрмө берүүнү каалабагандыктан порталдын администрациясы менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Азырынча сайттын качан калыбына келтирилери белгисиз.

Видео-порталдын ишинде биринчи жолу мүчүлүштүктөр болбой эле — сайт буга чейин да жарактан чыккан. Ал акыркы жолу 2014-жылдын октябрында бир нече күн иштеген эмес.

«Билайв» — Кыргызстандагы эски видео-порталдардын бири. Сайт ишин 2008-жылы баштаган.

Google Analyticsтин статистикасы боюнча, сайтка ай сайын 160 миңге жакын уникалдуу колдонуучу кирет.

Ресурс колдонуучуларына видео жүктөө, ошондой эле башка колдонуучулар тарабынан жүктөлгөн видеолорду көрүп, алар боюнча өз пикирлерин калтыруу мүмкүнчүлүктөрүн берет.

«Билайв» YouTube, Vimeo, DailyMotion жана RuTube сыяктуу чет элдик видео-сайттардын аналогу болуп эсептелет.

Ресурстун саясаты бир нече жолу Diesel форумунун колдонуучуларынын сынына кабылган.

«Билайв ресурсунун ээлерин эбак эле жоопкерчиликке тартуу керек болчу деп ойлобойсуңарбы, анткени алар колдонуучуларынын кандай видеолорду жүктөп жаткандыктарын көзөмөлдөшпөйт окшойт […] ал ресурстун администрациясынын улуттар аралык кастыкты козутууда кызыкчылыгы бар экендиги байкалууда», — деп нааразычылыгын билдирген форумдун Alien1973 деген ысым менен катталган колдонуучусу.