5-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экстремисттик «Ислам мамлекети» уюмунун атынан «Кыргызстандын элине» жолдонгон видеокайрылуудагы адамга каршы кылмыш ишин козгоду. Ага карата «терроризм жана экстремизм» чакырыктары, ошондой эле жалданмачылык жана диний аралык кастыкты козутуу айыптары тагылууда.

Атайын кызмат «Кыргызстандын элине» кайрылган адамды «эл алдында чакырык жасоо же терроризди актоо», «башка өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышуу», «диний аралык кастыкты козутуу» жана «жалданмачылыкка» айыптап жатат.

Буга чейин УКМК видеодо сүйлөгөн адам Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулуп өскөн 29 жаштагы кыргызстандык экенин билдирген. Атайын кызматтагылар жаңы билдирүүсүндө аны «С.У.А.» деп аташкан.

Буга чейин «Ислам мамлекетинин» ал видеосундагы адам менен бир мектепте окуган Kloop.kgнин булагы анын аты Улан экенин жана Египетте окугандыгын билдирген.

«Менде ал бала кезинен эле исламисттер менен байланышта болгон деген божомолум бар. Египетте, медреседе окуган, бала кезинен араб тилин билет», — деп билдирген булак.

Тема боюнча: Токтогулдун жашоочусу ИМдин кайрылуусундагы адамды тааныганын билдирди

«Кыргызстан элине кайрылуу»

Кайрылуу жазылган видео 25-июлда Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 18:00дөрдө YouTube сервисиндеги «Ислам мамлекетине» байланышы бар болушу мүмкүн болгон видеоканалда пайда болгон. Видеодо «Фурат медианын» — «Ислам мамлекетинин» орус тилиндеги жарым-жартылай расмий пропагандалык каналынын логотибин көрүүгө болот.

Алты сааттан кийин YouTubeдун администрациясы кайрылууну өчүрдү, бирок Kloop.kgнин кабарчылары аны көрүп, андагы бир нече кадрды сактап калууга үлгүрүшкөн.

Ал видео белгисиз адамдын кыргыз тилиндеги кайрылуусунан турган. Ал кыргызстандыктарды «каапыр өлкөлөрдөн Ислам мамлекетин көздөй динин сактап көчүп кетүүгө» чакырган.

Кайрылууда Кыргызстан «каапырлар өлкөсү» деп аталган.

«Анткени анда адамдар демократия сыяктуу инсандар тарабынан ойлонулуп чыгарылган мыйзамдар жана эрежелер менен жашашат», — деп түшүндүргөн видеодогу адам.

«Ислам мамлекети» — дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда террористтик деп табылган уюм. Ал «Аль-Каиданын» Ирак бөлүгү башында турган 11 экстремисттик уюмдун биригүүсү менен 2006-жылы түзүлгөн.

«Ислам мамлекети» 2014-жылдын ортосунда, качан мүчөлөрү Ирактын аймагына кирип барып, өкмөттүк аскерлерди талкалоо менен Багдадга чейин кирип барганы аз калганда бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп калган.

Уюмдун согушкерлери каршылаштарына, ошондой эле жөнөкөй адамдарга карата өзгөчө каардуулугу менен айырмаланышат.

«Ислам мамлекетинин» видеороликтеринде согушкер катары балдар пайдаланылып, адамдарды массалык өлтүрүү сценалары кездешкен учурлар көп. УКМКнын маалыматы боюнча, азыр Сирияда 200дөн ашык кыргызстандык согушуп жүрөт.