Кристоф Рехаге — немис саякатчысы, жазуучу жана режиссер. Ал өзүнүн Кытайга жасаган саякатынан улам белгилүүлүккө жеткен — Рехаге бир жыл ичинде Пекинден Үрүмчүгө чейин 4500 чакырым аралыкты жөө басып өткөн. «Тайм» журналынын версиясы боюнча, анын ал саякаттын жүрүшүндө тартылган The Longest Way («Узак жол») тасмасы 2009-жылдын эң мыкты вирустук он видеосунун катарына кирген.
2014-жылдын күзүндө Рехаге Кыргызстанда болуп, өлкөнүн түрдүү шаарлары тууралуу укмуштуудай видеолордун сериясын тарткан. Анын тасмаларынын бардыгы тең өзү болгон жерлер, андагы адамдар тууралуу жолдогу кыска жазуулары менен коштолгон.
Kloop.kg Регахенин Кыргызстан тууралуу жазган баяндарынын котормосун жарыялайт.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, VII бөлүк: Токмок — жашыл өрөөн
Токмок өлкөнүн ири өнөр жай шаарларынын бири жана баары тең бул жакка жаңы бир нерсени издеп келишет.
Токмокко немистер келгенде немистерди издешет.
Токмокко кытайлыктар келгенде алар акындарды издешет.
Токмокко америкалыктар келгенде алар террористтерди издешет.
Мен кечинде келдим.
Караңгы болчу жана кээ бир имараттар ээн сыяктуу көрүндү. Мени эч ким көрбөсүн деп штативди көрүнбөгөн чекитке орноттум, бирок ал түн мени бир нече жигиттерден турган топко алып барды.
Алар кара түстөгү кийим кийишкен, а бирөөсүнүн башы скинхеддердикиндей алыныптыр. Ал өзүн Руслан деп тааныштырды — мага алардын бардыгы тең өтө жакшы адамдардай сезилишти.
Мен аларга Кыргызстан тууралуу долбоор үчүн материал тартып жатканымды айттым, Руслан болсо бул имараттардын коркунчутуу экенин билдирди. Аларда мен уга албаган жаман адамдар жашашты беле?
Ал сөөмөйү менен өз кулагын көрсөттү, анан ээн имараттардан акырын чыккан үндөр угулду. Ал мага бул жакка эртеси келүүмдү сунуштады, бирок андан кийин мен Русланды бир дагы жолу көргөнүм жок.
Мен Токмокто бир нече күн болуп, алгач эле террористтерди таптым.
Тагыраагы алардын АКШга көчүп барып, Бостон марафонунда жардыруу уюштурганга чейинки жашаган, мектеп курактарында окуган, достору менен ойногон жерлерди таптым.
Алар жергиликтүүлөрдүн эстеринде, бирок алар бул жакка келген чет элдиктердин дайыма кайталанчу суроолорунан тажашкандай. Ошондук мен суроолордун бергенип жок, а жөн гана кант кызылчасын түшүрүү ишине көз салдым.
Андан соң мен акынды издеп жөнөдүм. Мен такси жалдап, айдоочусуна шаардын түштүк-батышын көздөй баруусун өтүндүм.
Биз жерде бир нече чуңкур аңырайып көрүнүп турган жерге жеткенче жүрдүк.
Айдоочу башын чайкады, а мен болсо жабдууларымды орнотуп, качандыр бир кездерде Суяб шаары болгон урандылардын жанынан этияттык менен өттүм — мында тарыхтагы улуу акындардын бири Ли Бо туулган деп айтып жүрүшөт.
Мен жашыл өрөөн менен алыстагы тоолорго көз чаптырдым, анан мага бул пейзаждын акыркы бир жарым миң жыл ичинде өзгөрбөгөндүгү тууралуу ой келди. Мен өзүмдүн акынымды таптым.
Эртеси мен кайра таксиге отуруп, мурдагы немис айылына — Ротфронтту көздөй жөнөдүм.
Бул айылдын тургундарынын жашоосу эч качан жөнөкөй болгон эмес, бирок качан балдары көчмөн болуп жайлоолордо өсүп жаткан чакта [Иосиф] Сталин алар үчүн өтө чоң курулуш долбоорлорун иштеп чыккан соң жашоолору андан да начарлап кеткен.
Советтер Союзу тарагандан кийин алардын көбү кайрадан Германияга көчүп кетишкен.
Мен немис тилинен сабак берүү жана баба мурасын эскерүү үчүн Германиядан келген кишини жолуктурдум. Ал мага көрүстөнгө барып келүү кеңешин берди. Мен анын кеңешин кабыл алдым.
Көрүстөндөн башка бир карыянын мүрзөсүнө гүл коюп жаткан карыяны көрдүм. Ал орус десанты экен, мени менен сүйлөшүүнү көп каалаган жок.
Мен аңкоо суроо узаттым: «Ал сиздин эң жакын досуңуз беле?»
Карыя жылмайды: «Рудольф тоодон түшкөндө ал 10 жаша болчу жана ал немисчеге же орусчага караганда кыргыз тилинде жакшы сүйлөчү. Биз бир куракта болчубуз, дээрлик дароо эле дос болуп калдык. Бул айылдан таптакыр чыккан эмеспиз. Ал бул жашоодо жолуктурууга мүмкүн болгон менин эң жакын досум болчу!»
Мен карыянын көзүнө жаш тегеренип баштаганын көрүп аны менен коштоштум да көрүстөндү дагы бир аз кыдырдым. Анда жүрөгүмө так калтырган жазууну көрөм деп күткөн эмесмин:
«Мен үйдөмүн. Сен да баратасыңбы?»
Мен өз немистеримди таптым.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Которгон: Улугбек Акишев