Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоодо пайдаланыла турган биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен добуш берүү системасын текшеришти.

Сыноого жашап турган жери боюнча шайлоо тилкесине катталган ыктыярчылар катышышты — иш-чара Бишкектин №12 мектебинде өттү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери манжа издерин салыштыруу программасы менен атайын жабдуунун ишин ачык көрсөтүштү.

Чиновниктер чогулган журналисттерге шайлоо күнү ар бир шайлоо тилкесинин базасында ошол тилкеге катталган жарандардын гана биометрикалык маалыматтары сакталарын билдиришти.

Добуш берүүнүн автоматташтырылган стстемасын сыноодон өткөрүү дароо Бишкектин жана Кыргызстандын аймактарынын бир нече шайлоо тилкелеринде өткөрүлдү. «Новости.kg» порталы Бишкекте системаны текшерүүгө катышкан 1350 кишинин 217си өздөрүн өз тилкелериндеги шайлоочулардын тизмелеринен таппай калышкандыгын жазды.

«Сыноонун жүрүшүндө паспорттогу маалыматтар менен маалыматтар базасындагы маалыматтардын дал келбестиги аныкталды», — деп жазган «Новости.kg» борбордук мэриянын аппарат башчысынын айткандарын.

Өкмөттө биометрикалык маалыматтарды топтоо жана добуш берүүнүн автоматташтырылган системасын уюштуруу үчүн жооптуу болгон вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Kloop.kgге курган маегинде манжа издерин таануу боюнча система сыноодон өткөрүлгөндөн кийин кемчиликтери оңдолоорун айтты.

2015-жылдын апрелинде кыргыз парламенти шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен добуш берүүнүн автоматташтырылган системасы колдонулат.

Сарпашевдин айтымында, добуш берүүгө парламенттик шайлоого 20 күн калганга чейин тапшыруу керек болгон биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен гана катышууга болот.

«Сыноодон өткөрүлгөндөн кийин манжа издери боюнча таануунун жакшыртылышы үчүн албетте система да жакшыртылат. Биз идентификациялоону өлкө боюнча бардык тилкелерде болжол менен 10 күн мурун баштаганбыз», — деди ал.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар оор физикалык эмгек менен алектенген Кыргызстандын кээ бир жарандарынын манжа издерин алууда кыйынчылыктар жаралганын билдиришкен.

Биринчи вице-премьер 4-октябрдагы парламенттик шайлоого карата манжа издерин таануу «жакшыртыларын» убадалады.

Сарпашев 2016-жылдан баштап өкмөт биометрикалык паспортторду киргизүүнү пландап жатканын кошумчалады.

«Балким кийинки жылдын башталышы менен. Алгач азыр паспорттордун өзүн даярдоо үчүн жабдуулардын жыйындысын сатып алабыз. Ал мамлекеттик ишкана болот, паспортторду өзүбүз басып чыгарабыз», — деди ал.

Биометриканын айланасындагы талаш-тартыш

Кыргыз жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо өнөктүгү 2015-жылдын сентябрында башталган.

Биометрика алдыдагы парламенттик шайлоонун милдеттүү элементтеринин бири катары Кыргызстанда эң көп талкуу жараткан темалардын бири болуп калды.

Укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиева милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүүгө каршы чыгышкан — алардын пикирлеринде, биометрия тууралуу мыйзам «иштебейт» жана «Конституцияга каршы келет».

Бир катар укук коргоочулар биометрияны сактоо системасындагы коопсуздуктун жоктугун белгилешкен — Мамлекеттик каттоо кызматы андай көйгөйдүн бар экенин мойнуна алып, маалыматтар базасынын коопсуздугун «жакшыртуунун үстүнөн иш жүргүзөөрүн» убадалаган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өз биометрикалык маалыматын мамлекеттик чиновниктердин арасынын эң акыркылардан болуп — 2015-жылдын июлунун башталышында тапшырган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 9 ай аралыгында биометрикалык маалыматтарын 2,5 млн. кыргызстандык тапшырган. Боршайкомдун маалыматына ылайык, 2011-жылы Кыргызстанда 3 миллиондон ашык шайлоочу болгон.

Президент Атамбаев дагы эле биометрикалык маалыматтарын тапшыра электерди «жалкоолор» деп атаган.

«Мындай укуктар Европа менен АКШнын калкынын кээ бир бөлүгүнө жакында эле берилди. Кеп «караңгы» калк, аялдар тууралуу болууда. А бүгүн болсо кээ бирөөлөр өз бармак издерин тапшыруудан эринип жатышат. Демек, андай адамдар шайлоо процессине катышуу үчүн бышып жетиле элек», — деп билдирген ал.

Анда президенттин айткандарын кээ бир укук коргоочулар менен активисттер сынга алышкан. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов президенттин сөзлөрүн «диктатордук» деп атаган.