Манас баатырга орнотулган филармониянын алдындагы эстелик канаттуулардын кыгы менен булганган. «Тазалык» муниципалдык ишканасынан эстеликти кантип тазалоо керектигин «билбей тургандыктарын» айтышты.

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында жайгашкан «Манас» скульптуралык комплекси көгүчкөндөр тарабынан өтө булганган — ал Kloop.kg тарабынан ири планда тартылган видеокадрларда жакшы көрүнгөн.

«Спутник» маалымат агенттиги билдиргендей, акыркы жолу архитектуралык комплекс 21-июлда тазаланган.

Борбордун мэриясынын басма сөз кызматынан монументалдык курулмаларды тазалоо иши менен «түздөн-түз» «Тазалык» ишканасы алектенерин билдиришти. А муниципалдык ишкананын өзүнөн Kloop.kgнин кабарчысына эстеликти кантип тазалоону «билбей тургандыктарын» айтышты.

«А аны кантип жууш керек? Бизге мындай суроо менен биринчи жолу кайрылып жатышат», — деди «Тазалыктын» кызматкери телефон аркылуу маегинде.

Манастын эстелигинин автору, Тургунбай Садыков монументте канаттуулардын кыгынын болушун кемсинтүүчүлүк деп эсептебейт.

«Канаттуулар бардык эле жерде бар, аларды эч нерсе кыла албайсың. Мындай көрүнүш Кыргызстанда эле эмес Москвада, Санкт-Петербургда да бар — ал жактарда канаттуулар да кыйла көп. Бул нормалдуу эле, аны кемсинтүүчү деп эсептебейм», — деди Садыков Kloop.kgге курган маегинде.

Елена Кыргызстандан 15 жыл мурун кетип, учурда Израилде жашайт. Быйыл Бишкекке конокко келген. Ал туулуп-өскөн шаарында эң алгач эле көзүнө канаттуулар «конгон жана булганган» эстелиик көзгө урунгандыгын белгиледи.

«Биз бул жакка келерибиз менен балдарым эстеликтин абалын дароо байкашты. Албетте бул жаман. […] Израилде эстеликтер жок, бирок эч ким көрбөй турганда тарыхый имараттарды тазалап, жууп турушат», — деди ал.

Автор: Алтынай Джалмабетова
Видео: Владимир Цай