Орусиялык «Яндекс» интернет-компаниясы өзүнүн «Котормочу» сервисин жаңылап, ага кыргыз тилин кошту. Бирок ал тилге которуу азырынча сыноо режиминде иштеп жатат. Kloop.kgнин редакциясы сервистин ишин тестирлеп көрүүнү чечти.

«Яндекс.Котормочу» кыргыз, казак жана тажик тилдери менен толукталды, деп билдирген сервистин командасы өзүнүн блогунда.

«Өргүү мезгилин баштардын алдында биз эпкиндүүлүк менен иштейли деген чечимге келдик да жыйынтыгында сервисибиз дагы үч тил менен толукталды: казак, тажик жана кыргыз. Казак тилиндеги котормо алгачкы аракетте эле сапаттуу болуп чыкты, а тажик жана кыргыз тилдери азырынча сыноо режиминде иштеп жатышат», — деп жазышкан компания өкүлдөрү.

Котормочунун кыргыз версиясы дагы деле бета-режимде иштеп жаткандыктан, анын иши азырынча толук туура эмес. Андан сырткары анда «Котормочудагы» толук аракетте иштеп жаткан башка тилдерде жеткиликтүү болгон кызматтар жок.

Алсак, азырынча сервисте кыргыз сөздөрүнүн синонимдерин издөө жана жазуу эрежелерин текшерүү кызматтары жок. Ошондой эле азырынча сөздөрдүн туура айтылышын аудиодо угууга болбойт.

Kloop.kgнин редакциясы сервистин ишин тестирлеп, «Яндекс.Котормочу» аркылуу түрдүү текстерди кыргыз тилинен орусчага жана орус тилинен кыргызчага которуп көрдү.

Которуу үчүн түрдүү жанрдагы жана түрдүү стилистикадагы тексттер тандалды.

Кыргыз Республикасынын гимнинин «Яндекс.Котормочунун» жардамы менен кыргызчадан орусчага которулган үзүндүсү. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.
Кыргыз Республикасынын гимнинин «Яндекс.Котормочунун» жардамы менен кыргызчадан орусчага которулган үзүндүсү. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.

 

Пушкиндин «Грузиянын дөбөлөрүндө» деген ыры — орус тилинен автоматтык которулушу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.

Пушкиндин «Грузиянын дөбөлөрүндө» деген ыры — орус тилинен автоматтык которулушу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.

Владимир Путиндин 1999-жылдын 24-сентябрында сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү — орус тилинен которулушу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.
Владимир Путиндин 1999-жылдын 24-сентябрында сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү — орус тилинен которулушу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.

«Канааттандыраарлык эмес» сапат

Tili.kg кыргыз онлайн-сөздүгүнүн иштеп чыгуучусу Александр Туманов Kloop.kgге берген маегинде «Яндекстин» котормосунун сапаты «мындан алда канча сапаттуу болууга тийиш болчу» деп эсептейт:

«Анын [«Яндекс.Котормочунун»] азырынча даяр эмес экендиги логикага негизделген, бирок анда кыргыз тили дагы деле аягына чейин иштелип бүтө электиги көрсөтүлүүдө. Албетте котормонун сапаты мындан алда канча сапаттуу болууга тийиш болчу, бирок кээ бир сөздөрдүн которулушун алсак, ал анча жаман эмес которот экен», — деди Туманов.

Туманов ошондой эле «Яндекс.Котормочу» сервиси кыргыз тилин киргизүүдө Google Translate сервисинен озуп кете алгандыгын белгиледи.

«Учурда Google кыргыз тилинин үстүнөн иштеп жатат, бирок «Яндекс» бета-версиясын эртерээк ишке киргизди. Бирок ал жөнөкөй сүйлөмдөрдөгү сөздөрдүн ордун туура эмес аныктоодо — ойноп убакыт өткөрсө болот, бирок тилди үйрөнүү азыр мүмкүн эмес, ал эмес сөздүк базасы да толук эмес экен, кээ бир сөздөр котормосуз калууда. Негизи сервис толук даяр эмес, бирок ал келечекте кыйла кызыктуураак жана ыңгайлуураак болот деген үмүттөмүн», — деди Туманов.

Кыргыз тилин «Гуглдун» котормочусуна киргизүүнүн үстүндө иштеп жаткан «Биздин Мурас» коомдук фондунун өкүлү Чоробек Сааданбек алардын командасы 400 миң фраза которуп бүткөнүн билдирди.

Сааданбектин айтымында, «Гугл» үчүн долбоор 2014-жылдын ноябрында башталган, бирок кыргыз тилинин сервиске кошулуу датасы азырынча белгисиз — ыктыярчылар азыр жетиштүү сандагы материалды которуп бүтүшө элек.

«400 миңден ашык фраза которулду. Бул кыргыз тилинин сервиске киргизилишин каалаган биздин коомчулуктун жаштарынын [ыктыярчылардын] жардамы менен жасалууда. […] Бул ачык долбоор, каалаган адам каттоодон өтүп, өз салымын кошо ала турган атайын платформа бар», — деп түшүндүрдү ал.

Ал «Гугл Транслейтке» кирүү үчүн миллион фраза которуу зарыл экенин кошумчалады.

«Бул эки айдын ичинде ишке аша турган долбоор эмес, а көп түйшүктү талап кылган өтө узак иш», — деди ал.

Сааданбек «Яндекс.Котормочунун» кыргыз тилинин катышуусундагы ишин «канааттандыраарлык эмес» деп баалады. Ал Google үчүн иштелип чыгып жаткан котормочу жакшыраак иштейт деп эсептейт.

«Google Translate Community сайтына кирип, коомчулуктун баасы үчүн иштеп жаткан котормонун сапатын өзүңүз текшерип көрүп, аны «Яндекс» сунуштаган котормо жыйынтыктары менен салыштырып көрсөңүз болот», — деди ал.

Алыкул Осмоновдун «Музыка» аттуу ырынын кыргыз тилинен орусчага которулушу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.
Алыкул Осмоновдун «Музыка» аттуу ырынын кыргыз тилинен орусчага которулушу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.
Чыңгыз Айтматовдун «Википедиядагы» өмүр баянынын үзүндүсүнүн кыргыз тилинен которулушу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.
Чыңгыз Айтматовдун «Википедиядагы» өмүр баянынын үзүндүсүнүн кыргыз тилинен которулушу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.
Иосиф Бродскийдин «Пилигримы» ырынын котормосу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.
Иосиф Бродскийдин «Пилигримы» ырынын котормосу. Сүрөттү чоңойтуу үчүн сүрөттүн өзүн басыңыз.

Которуунун кыйынчылыктары

«Яндекс» компаниясынан Kloop.kgнин кабарчысына кыргыз тили автоматтык котормо үчүн морфологиясынын оордугунан улам кыйын экенин түшүндүрүштү.

«[…] интернетте ал тилдеги жана башка тилдеги окшош тексттер аз. Андай тексттердин аз болушунан улам кыргыз тили үчүн котормо азырынча сыноо режиминде иштеп жатат», — деп жазды копаниянын өкүлү жөнөткөн катынды.

Азырынча орусиялык интернет-алптан кыргыз тилинин толук версиясынын качан ишке киргизилерин так айтып бере алышпайи.

«Яндекс.Котормочунун» сайтындагы маалыматка ылайык, автоматтык которуу системасы компания тарабынан 2011-жылдын башында киргизилген, учурда сервисте 63 тил бар, алардын жарымы азырынча сыноо режиминде иштеп жатышат.

Сервисте котормо статистикага негизделген — системага тилдин эрежелери белгисиз, «тилди үйрөнүү» үчүн ал окшош маалыматты камтыган түрдүү тилдердеги жүз миңдеген тексттерди салыштырат. Мисалы, ал уюмдардын түрдүү тилдердеги версиясына ээ сайттардагы маалыматтар болушу мүмкүн.

Котормонун сапаттын заманбап стандарттарына дал келиши үчүн система түрдүү тилдердеги жүз миңдеген фразаларды билиши керек. Кыргыз тилдүү котормочунун ишинин «канааттандыраарлык эмес» сапатын да ушуну менен түшүндүрүүгө болот.

Мисалы, «Википедия» онлайн-энциклопедиясынын кыргыз тилдүү бөлүмүндө 55 миңге жакын макала бар. Салыштыруу үчүн орус тилдүү бөлүгүндө 1,2 миллиондон ашык, а англис тилиндегисинде 5 миллионго жакын макала бар.  «Википедияда» «Яндекс» сервисине кыргыз тили менен бирге кирген коңшу Казакстандын мамлекеттик тилинде 200 миңден ашык макала бар.

Автор: Эльнура Алканова