Омар деген ат менен сахнага чыгып жүргөн ырчы Өмүрбек Жанышевди Бишкектеги ооруканалардын биринин кардиология бөлүмүнө которушту, деп билдирди анын продюсери Миргүл Эсеналиева. Буга чейин Талас облустук соту ырчыны августтун аягына чейин үй камагына бошотуу чечимин чыгарган — буга чейин тергөө аяктаганга чейин анын облустун чегинен чыгуусуна тыюу салынган болчу.
Эсеналиева Kloop.kgге курган маегинде ырчыны Талас облустук ооруканасынан Бишкектеги ооруканалардын биринин кардиология бөлүмүнө которгондуктарын билдирди. Бирок ал аткаруучуну кайсыл ооруканага жаткыргандыктарын тактап айткан жок.
«Азыр Омардын абалы нормалдуу, бирок анын жүрөгүнө аппарат коюшту. […] Бул жакта [Бишкекте] ал каттоодо болчу, анын дарыгери биздин баарыбызды урушту. Анын Таласта болушу кооптуу экенин айтты», — деп билдирди Эсеналиева.
Буга чейин Талас облустук соту баш коргоо чарасы катары үй камагын белгилеп, анын облустун сыртына чыгуусун тыюу салган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgнин кабарчысына ырчынын ишинин үстүнөн иштеп жаткан тергөөчү Омардын борбордогу ооруканага которулушуна 6-августта уруксат бергендигин билдирди.
«Талас облустук ооруканасынан [Омарга] ал каттоодо турган Бишкектеги ооруканага багыттама берген. 6-августта ал тергөөчүгө жолугуп, дарыгерлердин кагаздарын көрсөтүп, телефону менен дарегин калтырып кеткен экен», — деди Осмонбаев.
Анын айтымында, Талас облустук сотунун чечимин тергөөчү дагы деле ала элек — адатта ал беш күндүн ичинде берилет.
«Соттун чечиминде Таластагы же Бишкектеги дареги көрсөтүлүшү керек. Ага азырынча Талас облусунун чегинен чыгууга уруксат берилди, тергөөчү ырчынын телефону менен дарегин билет жана ал [Омар] биринчи телефон чалууда эле Таласка барат», — деп билдирди басма сөз катчы.
Жүрөгүндөгү көйгөйлөр
Жанышевдин жүрөгүндө көйгөйлөрү бар экендиги тууралуу 28-июлда, Талас райондук соту аны августтун аягына чейин камакка алуу чечимин чыгарары менен белгилүү болгон — ырчыны «туруксуз стенакардия» диагнозу менен жергиликтүү ооруканага жеткиришкен.
Талас облустук ооруканачынын директору Шаршенбек Жумашалиев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон андагы маегинде Омар аталган оорукананын реанимация бөлүмүнө «туруксуз стенокардиянын» натыйжасындагы «жүрөк оорусу» менен жаткырылганын айткан.
«Оорулуу реанимацияга 29-июлда саат 00:40та жаткарылды. Аныкы туруксуз стенокардия, учурда Омардын абалы туруктуу, текшерип жатабыз, эртең аны кардиология бөлүмүнө которобуз деген үмүттөбүз», — деген Жумашалиев.
Оорукананын директору ырчынын «мурдагы оорулары жазылган баракчасын көрбөгөндүктөн» буга чейин анда стенокардиянын болгон-болбогону тууралуу билбестигин белгилеген.
Ырчынын кесиптеши Арсен дагы Омар жүрөгүн колдоо боюнча аппарат алып жүргөндүгүн ырастаган.
Төө буурчакка байланышкан «алдамчылык»
Омар Талас милициясы тарабынан 27-июлда кармалган — ал төө буурчак сатуудагы «алдамчылыктарга» айыпталууда.
ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде кылмыш иши аларга Талас облусунун жашоочусу кайрылгандан кийин козголгондугун билдирген.
«[Ал] өткөн жылы Омар менен таанышы андан бир нече ондогон тонна төө буурчак алышканын билдирди. Акчасын дагы деле берише элек экен, фермер ушуга чейин күтүп, чыдамы кеткен соң аталган адамдарга карата чара көрүү арызы менен бизге кайрылган», — деген Осмонбаев.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматтары боюнча, Омар менен экинчи айыпталуучу ири көлөмдөгү төө буурчак сатуу менен алектенишкен.
Анда ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева аткаруучунун «күнөөсү жок экенин» айтып, Омарды айыпоо үчүн бул ишти «атайын уюштургандыктарын билдирген.
ЭсеналиеваYouTube видеохостингине Омардын болжолдуу түрдө экинчи айыпталуучу — Нуржан Токтогулов менен сүйлөшүп, аны «жаманатты кылбоосун» өтүнүп жаткандыгы тартылган видеотасма жарыялаган.
Анда аткаруучу иштин экинчи фигурантын «сотко келип», өз күнөөсүн мойнуна алдыртууга аракет кылган.
«Братан, сени мени жаманатты кылганы жатасың. Качан сен келгенде мен жаман оюм жок «ооба, берет» деп айттым го. Анан да ага чейин сен менин атымды айтып, ооба, Омар берет деп айтканга акың жок болчу да. Бул көйгөйдү өзүң чечиң керек байке» — деген аткаруучу Токтогуловго.