15ке жакын киши Чүй облусундагы Полтава айылынын жашоочуларынын үйлөрүнө таштарды ыргытышкан. Кол салгандардын бир нечеси кармалышты, милиция алардын аракеттерин «бейбашчылык» деп атады. Буга чейин ЖМКлар окуянын аймактар аралык мүнөзгө ээ экенин билдиришкен.

Окуя 8-августка караган түрү Чүй облусунун Жайыл районундагы Полтавка айылында болгон. Облустук милиция бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 15ке жакын бала жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүнө таштарды ыргытышкан.

Учурда бейбашчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду, кол салгандардын төртөөсү убактылуу кармалып, көрсөтмө берүү үчүн милицияга жеткирилишти, деп билдиришти Kloop.kgге Чүй облустук ИИБсинин басма сөз кызматынан.

«Бул мушташуу эмес, анда жаш балдардан турган топ тентектик кылгылары келип, таштарды эки жакка ыргытып башташса керек да. […] Азыр бул факты боюнча окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — дешти басма сөз кызматынан.

Жалпысынан милицияга арыз менен кол салуу маалында үйлөрү зыянга учураган 6 киши кайрылган. Учурда укук коргоо органдары келтирилген материалдык чыгымдын көлөмүн баалап жатышат. Жаштардын бул аракетинен жаракат алгандар жок.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттиги социалдык түйүндөрдүн колдончуучуларына шилтеме жасоо менен үйлөргө аймактар аралык жаман көрүүчүлүктөн улам кол салынгандыгын билдирген — Полтавка айылынын жашоочуларынын бир бөлүгүн Кыргызстандын түштүгүнөн көчүп баргандар түзүшөт.

«Полтавкада белгисиз адамдар түштүктүктөрдүн үйлөрүн талкалашты. Кимдир бирөө атайын жаңжал чыгарууда. Учурда айылда адамдар топтолуп жатышат», — деп жазган басылма күбөлөргө шилтеме жасап.

Өз кезегинде милиция жаңжалдын аймактар аралык мүнөзгө ээ экендиги тууралуу маалыматты четке кагууда — тергөөнүн маалыматы боюнча, кол салгандар менен жабыркагандар айылдаштар болуп эсептелишет.

«Эч кандай аймактар аралык жаңжал жок, алардын баары тең кыргыздар. Кармалгандардын бирөөсү Полтавканын, дагы бирөөсү Молтовар айылынан. Бардыгы тең жергиликтүү жашоочулар, курактары боюнча 19 жаштан 25 жашка чейинкилер», — деп билдиришти Чүй облустук ИИБсинин басма сөз кызматынан.

Автору: Эльнура Алканова

Иллюстрация катары Чүй облусундагы айылдардын биринин сүрөтү пайдаланылды. Сүрөттүп автору: Света Зеленская.