Боом качыгайында тартылган граффитинин каршылаштары сүрөтчүлөрдүн эмгегинин кыргыздардын улуттук баалуулуктарын мазактап жатат деп эсептелген бөлүктөрүн өчүрүштү. Буга чейин сүрөтчүлөрдүн өзүлөрү граффитини «позитив» үчүн тарткандыктарын билдиришкен.

Боомдогу граффитинин каршылаштарынын бири Нурбек Укубаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде алар граффитинин бир бөлүгүн бүгүн, 8-августта боеп өчүргөндүктөрүн айтты.

graffity_boom-gorge_VyaPo_01

Граффити 15 сүрөтчүнүн түрдүү темадагы сүрөттөрүнөн турат, анда балбал таштар, илбирс жана ар кандай жаныбарлар көрсөтүлгөн. Граффитидеги жалгыз жазуу илбирстерди сактоого чакырат.

graffity_boom-gorge_MiAs_03

Укубаев алар граффитинин бөлүгүн Ысык-Көл облусунун администрациясынан, Маданият, Транспорт жана байланыш министрлигинен уруксат алгандан кийин өчүргөндүктөрүн айтты.

graffity_boom-gorge_MiAs_04

Активисттин айтымында, алар сүрөттөрдүн калган бөлүктөрүн бир нече күндүн ичинде өчүрүшөт. Алар тараптан бүгүн өчүрүлгөн бөлүгүндө манасчы Саякбай Каралаевге окшош делинген балбал дагы бар.

graffity_boom-gorge_VyaPo_02

«Акция саат 12ден 14кө чейин уланды, Каралаев менен маймылды боеп өчүрдүк. Анда комиссия мүчөлөрү, тагыраагы, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, тарыхчылар, сүрөтчүлөр болушту. Ысык-Көл обладминистрациясы мындагыларды толугу менен өчүрүп, учурдагы эскизин улуттук оймо-чиймелер менен алмаштырууну каалап жатат», — деди Укубаев.

graffity_boom-gorge_MiAs_01

Бүгүн тартылган сүрөттөрдүн Kloop.kgнин кабарчыларына жеткендерине ылайык, граффитидеги балбалдарынын биринин жүзү боелуп, «Эээ… кандай?» деген жазуу сызылып, балбалда отурган маймыл өчүрүлгөн.

Боомдогу граффити

Сүрөтчүлөрдүн тобу тарабынан тартылган Боом капчыгайындагы граффити кыргызстандык интернет-колдонуучулардын арасында көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Сүрөттөр белгилүү бир стилге келтирилген балбал таштардын жана илбирстин элестеринен турат. Граффити Кыргызстандын аймагында сейрек кездешүүчү жаныбар эсептелген илбирстерди коргоо чакырыктары менен коштолгон.

Граффитинин каршылаштары Нурбек Укубаев менен Мирбек Асаналиев Kloop.kgнин эфиринде граффити «кемсинтүүчү» болуп эсептелерин айтышып, аны боеп өчүрүү ниеттерин билдиришкен.

Жергиликтүү сүрөтчүлөрдөн турган башка активисттер граффити сүрөттөр «кыргыздын менталитетине туура келбестигин» билдиришкен.

Видео: Рэпперлер боомдогу граффитини өчүрүү идеясын шылдыңга алышты:

Сүрөтчү Талант Огобаев көркөмдүк жагынан алганда граффитини «орто» тартылган деп, а аны боеп өчүрүү боюнча коомдук талкуу жүргүзүү керек, деп эсептейт.

«Мында граффитинин көрсөтүлгөндүгү бул жаштар искусствосундагы бүтүндөй бир багыт. Бул багытта өздөрүнүн жылдыздары бар. Бизде да мындай менен алектенген балдардын топтору бар. Анын кайсыл бир партиянын буйругу экени анык. Сүрөтчү катары менин көз карашымда ал орточо аткарылган», — деп билдирген ал.

Сүрөтчү, граффитинин авторлорунун бири Сергей Келлер Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде авторлордун позитивдүү маанай» жаратуу аракетине карабастан адамдар алардын ишин «бир аз туура эмес» кабыл алгандыктарын айткан.

«Биз граффитини Basicolors фестивалы үчүн тартканбыз. Бул позитивдүү сүрөт. Аны көрүп адамдардын көңүлү көтөрүлсүн деген максатта жасалган. Сүрөттүн негизи катары балбал таштарын алып, аларды жаштар менен туристтерге жакындатуу үчүн заманбап кийимдерди кийгизип, заманга ылайыкташтырганбыз», — деген ал.

«DOXA» арт-тобунун өкүлдөрү граффитилерди өчүрүү боюнча активисттердин идеясы тууралуу түшүндүрмө беришкен жок, болгону аларга «баары бир» экенин айтышты.

Сүрөт: Вячеслав Полетаев жана Мирбек Асаналиев.
Авторлор: Илона Пфеффер жана Эльдияр Арыкбаев.