Өлкө ЕАЭБге толук киргенден кийин кыргыз мигранттары биримдикке мүчө өлкөлөрдө жумушка орношууга талап кылынчу уруксат кагаздарын албай калышат. Кыргызстан августтун ортосунан тарта биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болот.
Кыргыз мигранттары үчүн киргизилген чектөөлөр ушул жылдын августунун ортосунда — Кыргызстан биротоло Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБдин) мүчөсү болгондон кийин алынат.
Эмгек министринин орун басары Алмаз Асанбаев 12-августтан кийин ЕАЭБге мүчө өлкөлөр кыргызстандык эмгек мигранттарына болгон квоталарды жое тургандыктарын билдирди.
«Эмгек мигранттары» деген түшүнүк «эмгекчи» деген термин менен алмаштырылат жана эми биримдикке мүчө өлкөлөр аймагында иштөө үчүн кыргыз жарандарынын милдеттүү түрдө документтерди алуу эрежелерин жоюшат.
«Евразиялык экономикалык биримдиктин ар кайсыл өлкөсүндө ар башкача документтер болгон — кайсыл бир жерде патенттер, башкасында жумушка орношуу үчүн талап кылынчу уруксат кагаздары; анан албетте ал документтерди алуу жол-жоболору да башка болгон», — деп билдирди Асанбаев.
Ал кыргыз эмгекчилери үчүн миграциялык каттоого алуу мөөнөтү 5-7 күндөн 30 күнгө чейин көбөйтүлөрүн айтты.
«Бул мөөнөт адамдын жашап туруу үчүн турак-жай табуусуна; жумуш берүүчү таап, аны менен келишим түзүүгө; жана ошол келишимдин негизинде ал өлкөнүн аймагында жүрүү мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет», — деди ал.
Министрдин орун басары кыргызстандык мигрант иштей турган өлкөнүн миграциялык кызматы эмгек келишиминин негизинде анын ал өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартарын кошумчалады.
Сынак тапшырышпайт
Асанбаев жумушка уруксат берчү кагаздар менен бирге Орусияда тапшырылып келген орус тили, маданияты, тарыхы жана мыйзамдары боюнча сынак тапшыруу эрежелери жоюларын кошумчалады.
Чиновниктин айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында дипломдорду өз ара таануу да макулдашылган. Ага ылайык, адистердин жумушка орношуу үчүн өзүнчө нострификация жол-жобосунан өтүүлөрү керек болбойт.
«Бирок фармацевтер, мугалимдер жана медиктер үчүн өзгөчө шарт каралган — алар өзүлөрүнүн квалификациясын ырастоого милдеттүү болушат», — деди ал.
Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев кыргыз мигранттары ээ боло турган укуктардын негизги бөлүгү медициналык тейлөө тармагына тиешелүү болорун билдирди.
«Жашоо жана саламаттыкты камсыздоо максатында бекер медициналык эвакуация каралган. Мигрантта медициналык же социалдык камсыздандыруу полисинин бар-жоктугуна карабастан кечиктирилгиз бекер тез жардам берилет», — деди ал.
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу келишимдин 98-беренесине ылайык, биримдикке мүчө болгон башка өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандыктар бирдей социалдык камсыздандырууларды алышат — мигранттардын эмгек стажы жалпы эмгек стажына эсептелет.
«Калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүн жоготуу»
Асанбаев маалымат жыйынындагы сөзүндө ЕАЭБдин алкагында мигранттар маселеси «так иштелип чыкканын» жана «бажы же фитосанитардык маселелер сыяктуу» карама-каршылыктарды жаратпастыгын айтты.
Ал эмгек мигранттары үчүн Евразиялык биримдикте жүрүү шарттарынын жеңилдетилиши Кыргызстандын калкынын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн башка мамлекеттерге агылуусуна алып келиши мүмкүндүгүн кошумчалады.
«Бүгүнкү күндө биздин эмгекке жарамдуу калктын дээрлик төрттөн бири эмгек миграциясында — биз үчүн бул көрсөткүчтөр абдан жогору», — деп билдирди Асанбаев.
Ал андай көрүнүш ички дүң өнүмдүн өнүгүүсүнүн төмөндөшүнө алып келиши ыктымалдыгын белгиледи. Айтымында, анткени жаран башка мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө «пайда алып келип калат».
Министрдин орун басарынын айтымында, чет өлкөдө иштеп, тапкан акчасын жакындарына жөнөтүп жаткандарга караганда Кыргызстанда эмгектенип жаткандар «чоң пайда алып келишет».
«Эгер өлкөнүн ичиндеги адамдардын кошкон салымы менен эмгек миграциясына кетип жаткандардын салымын таразага кое турган болсок, анда бул жакта жүргөн сиздер менен биздер эмгек мигранттарына караганда көп салым кошум жаткан болобуз. […] теория жактан алганда, андай салым төрт эсе же андан да көп айырмада болору айтылып келет», — деп эсептейт Асанбаев.
Ал калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн азайышынын көбү өлкөнүн түштүк облустарында байкалып жатканын кошумчалады.
Баткен облусунда үй-бүлөлөрдүн 35 пайызында жок дегенде бирден эмгек мигранты бар, ал эми Ош облусунда бул көрсөткүч 27 пайызды, а Жалал-Абад облусунда 22 пайызды түзөт. Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында калктын агымынын пайызы 1ден 5ке чейинки көрсөткүчтү түзөт.
Асанбаевдин айтымында, бул тобокелчиликтердин алдын алуу үчүн өкмөт Эмгек жана миграция министрлигинин алдына Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын потенциалын сактоо боюнча «иш-чараларды өткөрүү» милдетин койгон.
Эмгек мигранттары
Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн ЕАЭБге кирүү процесси башталган 2011-жылдан тарта эле биримдикке кирүүнүн башкы себептеринин бири катары эмгек мигранттарынын маселесин атап келген.
Кыргыз мигранттарынын негизги агымы Орусияга туура келет — 2015-жылдын февралындагы маалыматтар боюнча, ал жакта Кыргызстандын 530 миң жараны иштейт.
Түрдүү маалыматтар боюнча, Казакстанда Кыргызстандан барган 10 миңден 25 миңге чейинки мигранттар иштешет.
Орусиядагы экономикалык өсүштүн токтошунун фонунда 2015-жылдын кышында эл аралык жана жергиликтүү ЖМКлар Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан барган эмгек мигранттары өз өлкөлөрүнө кетип баштагандыктарын билдиришкен.
Сүрөттүн автору: Елена Скочило