Маданият министрлигинин өкүлү Kloop.kgге курган маегинде DOXA арт-тобунун Боом капчыгайындагы граффитисинин бир бөлүгүн өчүрүүдө «ал жакта министрликтин кызматкерлеринин болбогондугун» билдирди.

Активисттер тарабынан Боомдогу граффитинин өчүрүлүшү маалында ал жакта министрликтин алдындагы коомдук кеңештин мүчөлөрү болушкан — бул тууралуу Kloop.kgге Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин жетектөөчү адиси Марлен Соляной билдирди.

Анын айтымында, коомдук кеңештин мүчөлөрү министрликтин жумушчулары болуп эсептелишпейт. Боомдогу граффити маселеси менен алектенген комиссия дагы коомдук кеңеш тарабынан түзүлгөн.

«Ал комиссияны коомдук кеңеш өзү түзгөн, ал маселе анын талкуусуна коюлган», — деди Соляной Kloop.kgге курган маегинде.

Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бегайым Канат кызы активисттер дубалдагы граффити сүрөттөрүн өчүрүүгө төмөнкү техникалык эрежелерди сактоо шарты менен уруксат алгандыктарын айтты:

— транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жаратпоо жана эскертүү жол белгилерин орнотуу;

— жолдун тирегич дубалдарынын элементтери менен жол курулмаларын бузбоо;

— боеп өчүрүү маалында тирегич дубалдын айланасындагы тазалыкты сактоо;

— объектидеги маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын элинин моралдык-ахлактык тирегине каршы болбой, калктын саламаттыгына зыян тийгизбөөсү керек;

— мамлекеттик органдарга дубалды боеп өчүрүү боюнча иштердин графигин көрсөтүү.

Активисттердин билдиргендерине карабастан сүрөттөрдү өчүрүүдө анда министрликтин кызматкерлери жок болушкан.

Буга чейин «кыргыз баалуулуктарынын» коргоочулары граффитини өчүрүүгө Транспорт министрилигинен, Маданият министрлигинен жана Ысык-Көл облусунун администрациясынан уруксат алгандыктарын билдиришкен.

Облустун администрациясынан Kloop.kgнин кабарчысына активисттер тараптан жазуу жүзүндөгү эч кандай кайрылуу «болбогондугун» билдиришти.

Боом капчыгайы жайгашкан Тоң районунун акиминин орун басары Тимур Алымбеков райондук администрация граффитини өчүрүү тууралуу расмий сурам «албагандыгын» айтты.

Боомдогу граффитинин айланасындагы талаш-тартыш

DOXA art group тарабынан тартылган Боом капчыгайындагы граффити кыргызстандыктардын арасында карама-каршылыктуу пикирлерди жараткан.

Сүрөттөр белгилүү бир стилге келтирилген балбал таштардын жана илбирстин элестеринен турат. Граффити Кыргызстандын аймагында сейрек кездешүүчү жаныбар эсептелген илбирстерди коргоо чакырыктары менен коштолгон. Граффитинин каршылаштары өз нааразычылыктарын сүрөттөрдүн «кыргыз менталитетине туура келбегендиги» менен түшүндүрүшкөн.

Сүрөттөргө ыраазы болбогондордун арасында аны «кемсинтүүчү» деп эсептеп, аны өчүрүүгө белсенгендер да чыккан. Жыйынтыгында андагы сүрөттөр 8-августта жарым-жартылай өчүрүлгөн.

Сүрөт: Вячеслав Полетаев жана Мирбек Асаналиев.