Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эркинен ажыратылган адамдар тарабынан Кыргызстандын абактарында өндүрүлгөн буюмдарды көрсөттү. Аларды сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү абактагылардын жеке эсептерине которулат.

Кыргызстандагы абактагылар тарабынан даярдалган буюмдардын көргөзмөсү 11-августта Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында ачылды. Ал кылмыш-жаза аткаруу системасында эмгектенген кызматкерлердин күнүнө арналды.

Көргөзмөгө абактагылар тарабынан өндүрүлгөн азык-түлүктөр, шахматтар, кутучалар, кемелер, мектеп жана аскер формалары коюлду. Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн айтымдарында, мында жагып калган буюмдарды сатып алууга болот.

P1070852

P1070788

P1070778

Абактагылар тарабынан өндүрүлгөн товарларды сатуунун башкы максаты — аларды жумуш жана айлык менен камсыз кылуу, деп билдирди Kloop.kgге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.

Анын айтымында, түшкөн каражаттын жарымы камактагылардын жеке эсебине которулат, а калган бөлүгү коммуналдык кызматтарды төлөөгө жумшалат.

«Айлыктарын алар өзүлөрүнүн жеке эсептерине алышат, жалпы сумманын 20 пайызына — бизден товарларды ала алышат. Мисалы, кир жуугуч каражаттарды сатып алышса болот. А калгандарын туугандарына которуп, же эркиндикке чыккандан кийин ала алышат», — деди Сабатарова.

P1070802

P1070805

P1070865

Курулуш материалдары өндүрүлгөн абактар дагы бар — ал жактардан мамлекеттик ишканалар короо эшиктерин, тосмолорду жана кыштарды ала алышат.

«Келечек» мамлекеттик ишканасынын директору Таштан Касымов абактагылар өндүргөн продукция өзүнүн «арзандыгы» менен жакшы экенин айтты. «Биринчиден, бизде баалар арзан, анткени алар абактагылар тарабынан өндүрүлөт. Экинчиден, биздики сапаттуу жана тез даяр болот», — деди ал.

P1070792

P1070797

P1070789

Сүрөт: Айдай Кудайбергенова