«Ысык» деп аталган түрдүү түстөр фестивалы 8-августта Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Иш-чарага 200гө жакын эс алуучу катышты.

Фестивалдын идеясы катышуучулары бири-бирин түрдүү түстөгү порошоктор менен же суу менен чачышкан индуизмдин Холи деген жаз майрамынан алынган.

Фестивалга ата мекендик жана казакстандык эстрада ырчылары, юмористтер, ошондой эле бишкектик жана алматылык диджейлер катышышты.

Иш-чара Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде өтүп, ага 200гө жакын эс алуучу катышты. Уюштуруучу Султан Рахимовдун айтымында, фестивалдын максаты «Кыргызстандын жаштарынын улуттук дөөлөттөрүн» колдоо болгон.

«Бизде музыка сыяктуу көптөгөн түрдүү чыгармачылыктар менен алектенген балдар абдан көп. Биз алардын бардыгын бир жерге топтоп, башкалар Кыргызстандын да жаштарынын өнүгүп жаткандыгын билсин деп фестиваль өткөрүү чечимине келдик. Биз жаштарды колдоо үчүн бул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнү мындан кийин да уланта беребиз», – деди уюштуруучу.

Жогорудагылардан сырткары иш-чаранын катышуучулары үчүн мелдештер менен сынактар да уюштурулду. Алардын биринин алкагында кыздар балдардын үстүнө минип алышып, аларга кытыратмалар менен сыра беришти...

Шоуну көрүүгө жаштар эле эмес улгайып калган эс алуучулар да келишкен. Камила деген көрүүчүнүн айтымында, ал фестивалга орусиялык достору менен бирге келген.

«Фестиваль тууралуу «Инстаграмдан» уктум, мен үчүн бул 2015-жылдын эң ири иш-чарасы. Ошондуктан мен бул жакка жалгыз эмес, а орусиялык досторум менен келдим. Биз биринчи жолу бири-бирибизди фестивалдын түстөрүн колдонуу менен боедук. Мындай шоу-концерттерди көбүрөөк уюштурушса жакшы болот», — деди ал.

Текст: Азамат Каработоев менен Бактыгүл Ракымбаева;
Сүрөт: Азамат Каработоев;
Видео: Виталий Белошапкин.