Ички иштер министрлигинен Ысык-Көл облустук прокуратурасы Кажы-Сай айылы менен Туздуу көлдүн айланасындагы жапайы кумдуу жээктерге кирүү үчүн акча алып жаткан «бир нече ишкерди» текшерүү менен алектенип жаткандыгын билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматынан Ысык-Көлдүн тескей тарабында Кажы-Сай айылы менен Туздуу көлдүн жээктериндеги жапайы кумдуу жээктерге кирүү үчүн акча алып жаткан «бир нече ишкер» бар экенин ырасташты.

Милиция ал «ишкерлердин» аракеттеринин мыйзамдулугун текшерүү өтүнүчү менен Ысык-Көл облустук прокуратурасына кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматтары боюнча, кумдуу жээктерге кирүү үчүн ал жерлерди ижарага алгандыгы тууралуу документтерге ээ жергиликтүү жашоочулар акча алып келишет.

«Азыр түштүк жээгинде жерлерди ижарага алганбыз деп кирүүгө акча алып ишкердик менен алектенип жаткан бир нече ишкер бар», — деп билдиришти ИИМден.

Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаев 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде Туздуу көлдүн айланасында «алдамчылар иштеп жүргөндүктөрүн» айтып, бирок көл жээгине кирүү үчүн акча алынып жаткандыгы тууралуу маалыматы жок экенин кошумчалаган.

Буга чейин басылма Ысык-Көлдүн тескейиндеги пансионаттардын ээлери Кажы-Сайдын жанындагы жергиликтүү кум жээктеринин басылып алынышына каршы болушуп, митингке чыкканы жаткандыктары тууралуу жазган.

Алардын айтымдарында, Бөкөнбаев жана Тосор айылдарынан чыккан белгисиз жаштар кыймылынын мүчөлөрү туристтерден акча алып жатышкан.

«Мурда бул көл жээгине жергиликтүүлөр дагы, эс алуучулар дагы келе алышчу. Бирок жакынкы күндөрдөн бери көл жээгине кирчү жерди жергиликтүү активисттер тосуп, эс алуучулардан 50 сомдон талап кылып башташты. Бирок алар эч кандай фискалдык документтерди — дүмүрчөктөрдү, чектерди бере алышпайт», — деп жазган басылма күбөлөрдүн айткандарын.