Кыргыз-казак чек арасынын жабылуу салтанаты менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү процесси аяктады.

Чек аралардын ачылыш салтанатынан КТРКнын трансляциясы:

Кыргызстандын Евразиялык биримдикке кирүү процесси 2011-жылдын апрелинде башталып, 4 жылдан ашык убакытка созулду.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек араларды ачуу салтанатына кыргыз премьер-министри Темир Сариев менен казак вице-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев катышышты, а эки өлкөнүн президенттери ― Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев ― иш-чарага телекөпүрө аркылуу Чолпон-Атадан көз салышты.

Иш-чаранын өзү «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде өттү.

Саламдашуу сөзүнөн кийин Сариев бажы көзөмөлүнүн жоюлгандыгын жарыялады ― эки өлкөнүн бажычылары тосмолорду алышып, чек ара бөлүктөрүнүн кызматкерлери чек ара сызыгы аркылуу басып өтүштү.

«Кыргыздар менен казактар бир тууган эл болуп эсептелет, ошондуктан биздин өлкөлөрдүн ортосунда бажычылар, тосмолор жана чек аралар болбошу керек», — деп билдирди Атамбаев.

Бажы көзөмөлдөрү Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек арада жайгашкан дагы 8 көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жоюлду ― бирок бул чек аралардын толук ачылгандыгын билдирбейт, анткени чек ара көзөмөлдөрү иштей беришет.

Видео: Кыргыз ишкерлери үчүн ЕАЭБде эмнелер өзгөрөт?

Кыргызстандын ЕАЭБге толук укуктуу мүчөсү катары киргендиги тууралуу жаңылык Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында 11-августтан 12-августка караган түнү эле пайда болгон ― андагы пресс-релизде бул «интеграциялык жакындашуу боюнча биргелешкен иштердин жыйынтыгы» экендиги айтылган.

«ЕАЭБге кирүү Кыргызстан үчүн жаңы перспективаларды ачат. Товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн жолундагы тоскоолдуктар алынууда. Жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен энергетика, транспорт жана айыл-чарба тармактарындагы ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашуусу боюнча перспективалар ачылууда», ― деп билдирген ЕЭК өз билдирүүсүндө.

Ошондой эле билдирүүдө эмгек мигранттарынын укуктарынын кеңейтилгендиги тууралуу да айтылган.

Тема боюнча: Кыргыз мигранттары үчүн жумушка орношууга талап кылынчу уруксат кагаздары жоюлат

Казакстандын президенти телекөпүрө аркылуу сүйлөгөн сөзүндө эки өлкө ортосундагы «бизнес менен сооданын жандануусун» божомолдоду.

«Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында келишилген макулдашууларды аткаруу менен биз алдыны көздөй жылабыз. Жыйынтыгында жакшы жыйынтыктарды көрөрүбүзгө ишенем. Учурда сооданын көрсөткүчтөрүн начарлатып жаткан каатчылык болууда. Бирок биз мындай экстремалдуу абалдын болорун алдын ала билгенбиз. Алдыдагы перспективада бул биримдик Кыргызстанды жакшылыктарга алып барат», ― деп билдирди ал.

Казак өлкө башчысы Кыргызстандын биримдикке кириши боюнча документтерди ратификациялаган ЕВЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттеринни эң акыркысы болду. Ал документтерге 4-августта кол койгон.

Евразиялык биримдикке кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштап, ал өлкө ичинде түрдүү талаш-тартыштарды жараткан.

2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.

Жол картасы өз ичине тийиштүү мыйзамдардын, ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышын, бажы жана чек ара бекеттерин кайрадан жабдуу иштерин камтыган.

Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, өлкө башчылары менен жолугушуп, бизнес-форумдарга катышкан. Ал европалык ишкерлерди Кыргызстандын ЕАЭБ менен Кытайдын рынокторуна чыгууга «ачкыч» болуп бере тургандыгына ишендирген.