Ош облусунун жашоочусу Абдулвахаб Усманов «Крайслер» үлгүсүндөгү пайдаланылган унааны үлпөт тойлорго ылайыктап жасап чыккан. Бул үчүн ал 20 миң АКШ долларынан ашык каражат жумшаган.

Ош облусунун Бел-Кайрагач айылынын жашоочусу Абдулвахаб Усманов туугандары менен бирге үлпөт тойлордо айдалчу карета жасаган. Анын негизи катары мурда пайдаланылган «Крайслер 300C» унаасынын кузовун алышкан. Аны сатып алууга 12 миң АКШ доллары жумшалган.

015-696x392

Автоунааны авто-каретага өзгөртүп жасоо иштери 2015-жылдын кышында башталып, августка карата аяктаган — автор өз эмгегин «Крайслер-карета» деп атаган.

Усманов Kloop.kgге курган маегинде идеяны интернеттен алганын айтты. Тетиктери жана жасалгалоо элементтери үчүн үй-бүлө 10 миң долларга жакын каражат жумшаган.

022-696x392

«Интернеттен бул сыяктуу кареталарды көрүп, «Эмнеге мен жасасам болбосун?» деген ойго келгем. Бул унааны «Крайслер-карета» деп атадым», — деди Усманов.

Жумуш үзгүлтүксүз жүргөн эмес — анын айтымында, тетиктердин жетишсиздигинен улам февралдын аягында оңдоо иштерин убакытуу токтотууга туура келген.

031-696x522

«Тетиктердин жетишсиздигинен улам каретаны оңдоону февралда убактылуу токтотконбуз. Анан оңдоо иштерин апрелде баштап, 15 күн мурун аяктадык», — деди авто-каретанын ээси.

«Крайслер-каретанын» ичине беш киши батат, а бийиктиги болсо чоң киши эркин тура алгыдай бийиктикте.

041-696x392

Абдулвахаб Усманов автоунааны жергиликтүү үлпөт тойлорго «жаңылык киргизүү» үчүн карета кылып жасаганын айтат.

https://soundcloud.com/kloop-1/stus9fxq0ens

«Биринчиден, бул аркылуу жашоого акча иштеп табалы дейбиз. Экинчиден, жаш түгөйлөр үчүн жаңы бир нерсе кылалы дедик. Анткени адамдар өмүрүндө бир гана жолу үйлөнүшөт эмеспи, андыктан ал күнү алар бардык шарттары бар унаада жүрүшсүн да», — деди каретанын ээси.

Айтымында, ал унаа менен бир күн бою сейилдөө үчүн жаш жубайлар болжол менен 10 миң сом төлөөлөрү керек болот. Бирок ал негизинен баасы жолдун узактыгына жараша болорун кошумчалады.

051-696x418

Жергиликтүү жашоочулардын реакциясы

Жергиликтүү жашоочулар мындай унаанын аймактын жолдорунда пайда болушун негизинен жакшы кабыл алышкан.

Ноокат шаарынын жашоочусу Эркин Айтикулов Kloop.kgге курган маегинде төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

«Бул унаа жаңыча жасалган, автордун өз фантазиясын колдонгондугу көрүнүп турат. Жергиликтүү жашоочулар үчүн бул жаңылык болду. Менимче, Ош шаары боюнча мындай унаа жок болуш керек. Бул унаа каретага окшоштурулуп жасалган жана адамдардын кызыгуусун жаратты. Бирок дагы да жакшыртуу керек болгон жерлери бар: ички жасалгасынын кээ бир жерлерин жана сыртын».

061-696x418
«Крайслер-каретанын» ички жасалгасы"

«Америкалык «Крайслер» унаасын кесип, аны жоогазын гүлүнө окшоштуруп жасашыптыр. Ичи булгаары менен капталып, бардык шарттары түзүлгөн. Бирок тилекке каршы күн ысык болуп турганда кондиционери унаанын ичиндеги салкындыкты кармап тура албайт. Анан да унааны саргылтым түскө боешуптур. Бул үйлөнү тойлоруна айдалгандыктан ак түскө сырдалышы керек болчу», — деди Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын жашоочусу Кубанычбек Абдыразаков.

071-696x418

«Жөнөкөй эле киши ушундай унааны жасаптыр. Буга мен жакшы көз караштамын. Биздин Ноокат үчүн бул жакшы жаңылык болду. Аны сүрөткө тартуу үчүн бул жакка эркектер гана эмес, аялдар да келип жатышат. Бирок унаанын кемчиликтери да бар. Мисалы, айнектери туура эмес тагылган — катуу айдаганда шамал ичине катуу урат», — деп билдирди өз пикирин Ноокаттын тургуну Абдивахап Кожоев.

Сүрөттөр Абдулвахаб Усманов тарабынан жөнөтүлдү