Жалал-Абад облусунун Ооган-Талаа айылында жапайы өскөн алмаларды терүү сезону июлдун ортосунда башталган. Ал жергиликтүү жашоочуларга акча иштеп таап, материалдык абалын бекемдеп алууга жардам берет — алардын көбү күнүнө жүздөгөн килограмм алма терүүгө жетишишет.

Алма терүү сезону эки айга — сентябрдын ортосуна чейин созулат. Бул аралыкта айылдын ар курактагы жашоочуларынын көбү акча иштеп табуу үчүн алма теришет — кээ бирлери үй-бүлөсү менен, башкалары жалгыздап.

IMG_0259

Дильдара Сулайман кызы мектепти быйыл аяктап, дизайнер кесиби боюнча жогорку окуу жайга тапшырган. Ал окуу жайдагы окуусу үчүн акча төгүүдө ата-энесине жардам берүү үчүн алма терүүдө.

«Алма терүү сезону мага чоң пайда алып келет — мен жогорку окуу жайына тапшыргам жана үй-бүлө менин окуумду төлөшү керек. Мен ата-энемс каражат жагынан жардам берейин дедим», — деди Дильдара.

Ал мында ата-энесине жардам бергиси келген көптөгөн курдаштары бар экенин айтты. Чыңгыз Темиров Дильдарадан бир аз улуу жана анын жүк унаасы бар. Күн сайын ал алты кишиден турган командасы менен алма терүүгө чыгат.

IMG_0294

«Биз жетөөбүз күнүнө болжол менен бир жарым тонна алма теребиз — ар бирибиз 200 килограммдан 300 килограммга чейин», — деди Чыңгыз.

Жергиликтүү ишкерлер жашоочулар терген алмаларды сатып алышат да алардан как даярдашат.

Жергиликтүү тургун Гүлзар Шамшиева алма терүү айылдыктарга «жакшы киреше» алып келерин айтты — алар алманын килограммын 2-3 сомдон сатышат.

«Биз алманы биздин жана коңшу айылдардын айланасынан теребиз. Килограммын эки-үч сомдон сатабыз. Жакшы киреше табабыз», — деди ал Kloop.kgнин кабарчысына.

IMG_0260

Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукуловдун айтымында, жапайы алмалар өскөн бактардын Ооган-Талаа айылындагы жана анын айланасындагы жалпы аянты 8 миң гектерды түзөт. Андагы бактардын арасында жапайылары да, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар тарабынан 1955-жылдан бери отургузулуп келген алма бактары да бар.

https://soundcloud.com/kloop-1/300-600a

Турдукулов 1990-жылдан бери жергиликтүү жашоочулар жылына бир гектар жерге 4000дөн көчөт отургузуп келишерине ишендирди. Айтымында, быйыл түшүм былтыркыга салыштырмалуу үч эсе мол.

«Алма чогултуунун эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетине сезон сайын 40-45 миң сомдон түшүп турат», — дейт ал. Айыл башчысы ал акчалар мектептерди жакшыртууга жумшаларын белгиледи.

Жергиликтүү ишкерлер тарабынан кургатылган как Түркияга сатылат.

IMG_0275

«Иштеп тапкан акчалардын негизги бөлүгү күнүмдүккө кетип жатат, бирок жергиликтүү жашоочулар активдүү иштеп жатышат — алар балдары үчүн мектеп формасын да сатып берүүлөрү керек», — деди айылдын жашоочусу Уланбек Мырзамединов.

Сүрөттөр Чыңгыз Темиров тарабынан жөнөтүлдү