Бангладештин «Шейх Джамал» футбол клубу менен Макаонун «Бенфика» клубунун ортосундагы беттеш 4:1 эсебинде аяктады — бул АФКнын 2016-жылкы кубогунун тандап алуу бөлүгүнүн «В» тобундагы экинчи оюн.

«Бенфиканын» оюнчулары беттештин алгачкы мүнөтүнөн баштап эле басымдуулук кылышып, 26-мүнөттө оюн эсебин ачышты.

I12A1220

fb_bgd_bnf_16

«Бенфиканын» жарым коргоочусу Эдгар Тейшейра бурчтан көтөрүп берген соң айып аянтчасындагы Ники Таррао бир тийүү менен топту атаандаш дарбазасына багыттады.

«Шейхтин» оюнчулары 44-мүнөттө эсепти теңей алышты — бангладештик футболчулар ыкчам контрчабуул жасашып, чабуулчу Емека топту дарбазага таамай туштады.

fb_bgd_bnf_18

fb_bgd_bnf_22

fb_bgd_bnf_29

Бангладештен келген команда өз артыкчылыгын оюндун 72-мүнөтүндө арттыра алды. «Бенфиканын» кезектеги ийгиликсиз чабуулунан кийин «Шейхтин» оюнчулары атаандаштын жарым талаасына өтүп, жарым коргоочу Маманул Ислам дарбазанын сол бурчуна сокку узатып, анысы таамай болуп чыкты, эсеп 2:1.

 

 

 

Алты мүнөттөн соң «Шейх» атаандашынын дарбазасына үчүнчү топ киргизди, анын автору алмашууга чыккан чабуулчу Мохаммед Рони болду.

fb_bgd_bnf_30 (1)

 

Рони беттеште өз командасы үчүн экинчи голун 87-мүнөттө киргизди — анын алыстан узаткан соккусун «Бенфиканын» дарбазачысы токтото албай, эсеп 4:1ге жетти.

fb_bgd_bnf_32

fb_bgd_bnf_33

Бангладештиктердин жарым коргоочусу Кхан Раджа беттештин 90-мүнөтүндө макаолуктардын дарбазачысы менен жекеме жеке чыгып, топту дарбазанын төмөнкү сол бурчуна багыттады, бирок топ дарбаза мамысынын сыртынан өттү.

fb_bgd_bnf_35

fb_bgd_bnf_04

 

Ошентип, «Шейх Джамал» менен Бишкектин «Алга» командасы «В» тобунда биринчи орунга жайгашышты. Бул командалардын ортосундагы чечүүчү беттеш 15-августта өтөт.

fb_bgd_bnf_37

АФКнын кубогунун эрежелерине ылайык, плей-оффтун кийинки баскычына көп упай алган команда чыгат. А эгер топто биринчи орунга эки команда чыга турган болсо, анда тандоо турунда көп топ киргизген команда жеңүүчү болот.

АФК кубогу

Футбол боюнча Азия конфедерациясынын кубогу — Европадагы Европа лигасы мелдешинин аналогу. Анда 24 өлкөнүн чемпиондору жана АФК президентинин 2014-жылкы кубогуна катышкан командалар ойношот.

fb_bgd_bnf_39

Тандап алуу бөлүгүнүн «В» тобундагы беттештеринин бардыгы тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

«Алганын» кийинки беттеши 15-августта өтөт — кыргызстандыктар Бангладештин «Шейх Джамалга» каршы ойношот.

Командалардын курам:

«Бенфика»:

  1. Лей Чи Кин, коргоочу
  2. Жуари Соареш, коргоочу
  3. Чан Ман, коргоочу
  4. Жозе Мартинш, жарым коргоочу
  5. Мигель Кордейру, коргоочу
  6. Эдгар Тейшейра, жарым коргоочу
  7. Николас Марио Таррао, чабуулчу
  8. Лей Кам Хон, коргоочу
  9. Лей Ка Ху, коргоочу
  10. Пан, жарым коргоочу
  11. Руй Нибра, дарбазачы

«Шейх Джамал»:

  1. Cахидул Алам, дарбазачы
  2. Мунна Емин Ахмед, коргоочу
  3. Линкон, коргоочу
  4. Ландинг Дарбое, коргоочу
  5. Мамунул Ислам, жарым коргоочу
  6. Мохаммад Токлис Ахмед, чабуулчу
  7. Джамал Буян, жарым коргоочу
  8. Сохел Рана, жарым коргоочу
  9. Дидар, коргоочу
  10. Есин Кхан, коргоочу
  11. Емека, чабуулчу.

Авторлор: Бактыгүл Ракымбаева жана Шерзод Бабакулов.
Сүрөт: Дмитрий Мотинов.