Коррупционерлерге чыдап жүрө берүүдөн тажадыңбы? Уурулар менен алдамчылардын камалышына салымыңды кош! Kloop.kgнин редакциясы коррупцияга каршы иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча жарандар арасында сынак жарыялайт.

Коррупцияны билдирүү порталына өтүп, кененирээк маалымат ал (Маалымат орус тилинде)

Мектептеги жана жогорку окуу жайлардагы паракорчулуктан чарчадыңбы? Милицияга пара берүүдөн тажадыңбы? Чиновниктер дайыма акча сурашабы? Ошондойбу? Анда коррупция качан өзү жоголот деп күтүүнү токтотолу!

Сенин катышууңсуз Кыргызстан өзүн өзү коррупциядан куткарбайт. Анан да «өлкө ушундай» деп айтууну токтотолу! Сен өз мамлекетиңди өзүң курасың жана аны коррупционерлерсиз көргүң келсе, анда эч кандай аракетсиз күтүп отура бербе.

Пара алган деп айыпталап жаткан милиционер сени кантип коргойт? Медиктердин кээ бирлери жасалма диплом менен иштеп жатышса аларга балдарыңды кантип ишенип дарылатасың? Сенин пенсияңа чегерилген сумманы уурдап жаткан чиновниктерге кантип өлкөнү ишенип башкартууга болсун? Мунун бардыгына чындап жүрө бербеш керек!

Кыргызстанды коррупциядан бошотууга дал сен жардам бере аласың.

Kloop.kgнин редакциясы сен тарапта болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө мүмкүндүк бербей жаткан ууруларды кысмакка алып, айласын кетирүүңө жардам берет.

Бул үчүн жөнөкөй үч кадам жасоо керек.

1-кадам. Иликтөөгө билдирме жөнөт. Биз башкалардын арасынан мыктыларын тандап алабыз да сени керектүү жардам менен камсыз кылабыз — техникалык, юридикалык жана редактордук.

2-кадам. Иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышына жардам бер — бул «Фейсбукта» отуруп алып патриоттуулук тууралуу курулулай талашып-тартышканга караганда ата мекенге болгон сүйүүнү көрсөтүүнүн жакшы жолу болот. Аз сөз, көбүрөөк реалдуу аракет!

3-кадам. Калем акы ал. Кандай гана жумуш болбосун, өзгөчө иликтөө сыяктуу көлөмдүү жумуш үчүн эмгек акы төлөнүшү керек. Резонанс канчалык чоң болсо бонус да ошончолук жогору болот.

Иликтөө жүргүзүү үчүн сөзсүз эле журналист болуу шарт эмес, сен дагы чуу көтөргөн иликтөөлөрдү жасай аласың. Сенин кайсыл жыныста экендигиң, кайсыл жерде иштээриң, кайсыл тилде сүйлөй турганың таптакыр маанилүү эмес.

Башкысы — коррупциялык митаамчылыктар жана күнүмдүк пара талап кылуулары жок мыкты өлкөдө жашоо каалоосу болушу керек.

Сенде иликтөөгө тема жокпу? Эч нерсе эмес, анткени сага аны таап беребиз. Андан сырткары иликтөөнү аягына чейин чыгарууң үчүн бардык керектүү жабдууларды жана билимди беребиз.

Мунун бардыгы иликтөө боюнча чоң долбоордун алкагында жасалууда. Баса, АКШнын Мамдепартаментинин акчасына. Эгер ал акчаларды пайдалануу менен сен өзүңдү булганыч тыңчы болуп калам деп эсептесең, анда Кыргызстанды жеке сенин акчаңа таза кылуу керектиги боюнча сунуштар үчүн дайыма ачыкпыз.

Эң активдүүлөрдү биз окутууларга чакырып, аларды журналистиканын негиздерине жана иликтөө жүргүзүүгө үйрөтөбүз. Иликтөө жүргүзүүнү каалагандардын бардыгы тең ресуртук жактан да, юридикалык жактан да жардам жана колдоо алышат.

Төмөнкү форманы толтуруп жиберсеңиз болот:

    Аты-жөнү*

    Телефону*

    Билдирүү (Kloop.kg сайтына жарыяланат)

    Муну Kloop.kg менен бирге иликтегим келет

    ОобаЖок

    Сүрөттөгү символдор*:

    captcha

    * Сөзсүз түрдө толтурулушу керек

    Төмөнкү электрондук даректерге жазыңыздар: akp@kloop.kg, eldiyar@kloop.kg

    Коррупцияны билдирүү порталына өтүп, кененирээк маалымат ал (Маалымат орус тилинде)