Тез тамактануу жайларынын белгилүү KFC түйүнү Бишкекте пайда болдубу? Болушу мүмкүн эмес! Чынында андай эмес. Kloop.kgнин кабарчылары бизнес ээлеринин кардарларды тартууга аракет кылып жайгаштырган күлкүлүү жазуулары менен такталарын топтошту.

IMG_4144

KFCби же BFCби? Биз билбейбиз — бул күркөнүн ээлери да так билбейт ойшойт — же King Fried Chicken, же Kyrgyz Fried Chicken.

IMG_0456

Эт менен самса. Макул, а анда кесилген эт менен самса дегени эмнеси?

IMG_4058

Биз «Студент» бургеринин эмнеден жасалганын дагы деле түшүнө алган жокпуз — сүрөттөгү көрүнүшүнө караганда быштактан же майонезден жасалат өңдүү. Майонезден жасалат ойшойт.

IMG_3845

«Сасиска с тестем», «самсы ссырам», «с катрошкой» — бул каталар эмес, а дүкөндүн динге ишенген ээсинин амалдуу маркетингдик жүрүшү. Сиздер көрүп тургандай, анын бул стратегиясы ишке ашкан.

IMG_4156

«Байыркы чет элдик баатыр» же жөн гана викинг. Котормочуга аз акча төлөнгөндө мына ушундай болот.

фото

Чет өлкөлүктөрдүн көңүлүн азем белектерге бурууну абдан каалап, бирок англис тилин билбеген учурдагы котормонун дагы бир мисалы.

mar_01

Эркектер үчүн бир нерсе 100 сом, аялдар үчүн 150 сомдон. Болжолу бул чач тарач болсо керек, бирок эң башкы нерсени жазууга орун калбай калган окшойт.

mar_02

Аталыштарды эки тилде жазуунун эң тапкычтык (же жалкоо) жолу.

IMG_0477

Джиптер — чынында эле алар «жол тандабаган автоунаалар эмеспи».

IMG_4054

Баалар жогору көтөрүлүүдө — 1 сомдон … 51сомго чейин!

mar_03

Универсалдуу даараткана-чач тарач.

IMG_4068

Иван Федорович Крузенштерн — кеме-адам. Туалёт — туалет-самолёт.

фото1

Өтө тажатпаган маркетинг. МЕНИ САТЫП АЛ. Чынында эле аянычтуу көрүнөт экен.

Авторлор: Жибек Кубаныч кызы жана Метин Жумагулов