YouTube сервисинин колдонуучусу Боом капчыгайында шагыл таштардын урашынан улам пайда болгон унаа тыгынын бийиктиктен видеого тартып жарыялаган. Жол дээрлик бир сутка жабык болуп, учурда унаалардын өтүүсү үчүн эки тарапты көздөй тең ачылды.

Видео YouTube сервисине 12-августта, жолго шагыл таштар урап, чоң унаа тыгыны пайда болгондо жарыяланган. Видеонун автору — Денис Яременко деген ысым менен катталган колдонуучу.

Учурда жол ачылды, ал унаалардын өтүүсү үчүн шагыл таштардын урандылары менен 12-август күнү саат 14:30да тосулган. Шагыл таштардын урашынан улам жабыркагандар жок.

Боом капчыгайы аркылуу туристтер үчүн Бишкектен Ысык-Көлгө барчу жалгыз унаа жолу өтөт.

Видео: Денис Яременко