Жол кайгуул кызматы Бишкектин батыш автобекетинде рейд өткөрүп, каттамдагы маршруттук таксилердин айдоочулары тараптан бир нече эреже бузууларды аныктады — айдоочулук күбөлүксүз башкаруу жана документтериндеги баш аламандыктар.

Рейддин толук видеосу:

«Автобус-кичиавтобус» деген аталыштагы рейд 13-август күнү эртең менен Бишкектин батыш автобекетинде өттү. Жол кайгуул кызматынын Техникалык бөлүмүнүн инспекторлору шаар аралык каттамдардагы маршруттук таксилердин абалдарын текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныкташты.

Негизгилери — техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу документтердин жоктугу, айдоочулук күбөлүгү жок башкаруу жана автобекеттеги диспетчердик пунктта медициналык жабдуулардын жоктугу.

ЖККнын Техникалык бөлүмүнүн башчысы Белек Алымов Kloop.kgге рейд «транспорт тартибин жакшыртуу» максатында өткөрүлгөнүн айтты.

«Рейд тиешелүү укуктук документтерсиз жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу фактыларына жол бербөө максатында көзөмөлдүү күчөттүү үчүн өткөрүлдү», — деди ал.

Маршруттук таксилердин айдоочуларынын көбү текшерүүгө даяр болуп, ЖКК инспекторлоруна бардык тиешелүү документтерин көрсөтүштү. Бирок кээ бирлери рейдке карата терс мамилелерин билдиришти — алар милиционерлерден жашырынышып, же орой мамиле жасап жатышты.

Мыйзамдарды бузуу менен иштеп жүргөн делинген айдоочулар кабарчылар менен маектешүүдөн баш тартышты.

Батыш автобекетиндеги башкы диспетчер пункту рейд маалында текшерүүдөн өткөн жок. Инспекторлордун айтымдарында, ал туура эмес жерге жайгашкан жана автобекеттин аймагына кирип жаткан маршруттук таксилердин айдоочуларына тоскоолдук жаратат.

Диспетчерлердин өзүлөрү бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты. Андай пункттардын биринин кызматкери журналисттер менен Кайгуул кызматынын инспекторлорун көрүп эшигин бекитип алды.