Бишкек мэриясы 2015-жылдын жайында борбордогу үч көчөнү — Махатма Ганди, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкинди оңдоп баштаган. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, аталган көчөлөр 30 жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлө элек болчу. Kloop.kgнин кабарчылары шаар көчөлөрүн оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу сүрөтбаян даярдашты.

Оңдоо иштери үч көчөдө тең 2015-жылдын июнунда башталган — мэрия алар 31-августка чейин оңдолуп бүткөрүлөрүн убадалоодо. Шаар бийлиги аталган көчөлөрдүн оңдолушуна 50 млн. АКШ долларын жумшаган — каражат кытай грантынын эсебинен бөлүнгөн.

Махатма Ганди атындагы көчө 1968-жылы курулган. Шаар бийлиги эки айдын ичинде бул жолдун дээрлик эки чакырым узундуктагы жол төшөлмөсүн оңдоп бүттү.

IMG_4854

Оңдоо иштери 2015-жылдын июнунда башталган. Эки ай ичинде жолдун эки чакырымы оңдолду.

Аталган көчөнүн жашоочусу Гүлбүү Кудабаева жол толугу менен оңдолот деген үмүттө.

«Азыр жолду «Баят» базарына чейин оңдоп бүтүштү, эми жолдун калган бөлүгүн да оңдошот деген үмттөбүз», — деди Кудабаева.

IMG_4905

Көчөнүн дагы бир тургуну Мукай Асыкбаев жолдун оңдолуп бүткөн жерлеринде «бир катар кемчиликтер бар» деп эсептейт. Бирок айтымында, ал «эскисине караганда» жакшы болуп калган.

«Учурда жер астындагы арыктарды оңдоп жатышат. Жолдун калган бөлүгүн августтун аягына чейин жасап бүтөбүз деп убалап жатышат», — деди Мукай Асыкбаев.

IMG_4893

Ушул эле көчөдө жашаган Жумабек Ташбаев жумушчулар «тротуарларды жасоону унутуп калгандыктарына» даттанды.

«Чынында жакшы болуп калды. Мурда чаңдап, чуңкурлар көп болчу. Бирок алар бир нерсеге көңүл бурушкан жок — алар тротуарларды жасоону унутуп калышты. А балдар болсо тегиз жана таза жерде ойногулары келет эмеспи», — деди Ташбаев.

IMG_4856

IMG_3009

Ауэзов — шаар бийлиги 2015-жылдын жайында оңдоп баштаган дагы бир көчө — 12-августта ачылды. Оңдоо иштери Анкара көчөсүнөн «Аламүдүн-1» кичи районунун ортосуна чейин жүргүзүлдү. Жалпысынан 2,7 чакырым.

IMG_4982

Жергиликтүү тургун Нурлан Кыштайбаев Kloop.kgге курган маегинде жолду «абдан жакшы» оңдогондуктарын, бирок жол чырактар менен жөө адамдар үчүн жол белгилерин орнотпогондуктарын айтты.

IMG_4980

Ауэзов көчөсүндө соода кылган Айгерим Өмүрбек кызы жол оңдолгондон кийин «таза болуп», соода кылууга жеңил болуп калганын билдирди.

https://soundcloud.com/kloop-1/915zkwyqq0qs

«Мурда абдан начар болчу, бул көчөдө чаң көп болчу. Эми болсо биздин дүкөндүн сатып алуучулары үчүн да ыңгайлуу болуп калды. Алар жолдун жакшы болуп калганына кубанып жатышат», — деди ал.

Kloop.kgнин кабарчылары Ауэзов көчөсүн оңдоо маалында тротуарлар жасалбагандыгын жана бир дагы жол чырактын жок экенин белгилешти.

IMG_4991

Буга чейин мэриядан бардык инфраструктураны — жол белгилерин, жол чырактарды жана тротуарларды — 31-августка чейин жасап бүткөрө тургандыктарын билдиришкен.

30 жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлбөгөн дагы бир көчө —  Жукеев-Пудовкин, учурда 60 пайызга даяр.

IMG_5124

«Шоронун» сатуучусу Бегайым Жумалиева жолдун өзүнөн сырткары жөө адамдар үчүн тротуарларды да оңдоп коюшса жакшы болорун айтты.

«Жол мурдагыга караганда кыйла жакшы болуп калды. Менин оюмча, тротуарларды да оңдоп коюшса жакшы болмок», — деди ал.

IMG_5118

Дагы бир жергиликтүү тургун Бекнур Акматов Kloop.kgнин кабарчыларына чуңкурлардын көптүгүнөн улам буга чейин ага унаасынын жүрүүчү бөлүгүн көп алмаштырууга туура келип жүргөнүн айтты.

IMG_5110

«Жолду оңдоп койгондору мени кубандырды. Мурдагыдай унааларбыздын жүрүүчү бөлүктөрүн алмаштырбай элебиз. Анда чуңкурлар көп болчу», — деди Акматов.

Текст менен сүрөттүн авторлору: Хансарыбай Айбашов жана Шумкарбек Сабыр уулу