Вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин мамлекеттик номуру тагылган «Тойота Лэндкрузер» үлгүсүндөгү автоунаа болжол менен Бишкек-Ош унаа жолунда июлдун ортосунда кырсыкка учурап, ал сүрөткө тартылып алынган.

Вице-премьер Тайырбек Сарпашевге бекитилген 002 KG мамлекеттик номурлуу «Тойота» автоунаасынын зыянга учурагандыгы тартылган сүрөт бүгүн, 14-августта жарыяланды.

Сүрөттүн булагы — kyrgyznews.kg жаңылыктар порталы. Сайттагы жаңылыкта жол кырсыгынын Бишкек-Ош унаа жолунда болгондугу болжолдонгон. Макаланын автору вице-премьердин абалынын кандай экендиги боюнча суроо салган.

Сарпашевдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге курган маегинде чынында эле кырсык болгонун ырастады. Бирок ал июлдун ортосунда болгонун жана ал маалда унаада вице-премьер-министрдин өзүнүн жок болгондугун айтты.

S3

«Ал жол кырсыгы 14-июлда болгон, унаада айдоочусу жалгыз болчу, Сарпашевдин өзү болсо ал маалда өлкөнүн түштүгүндө жумушчу сапары менен жүргөн. Унаа аны алып келүү үчүн Жалал-Абадды көздөй бара жаткан», — деди Эржигитов.

Анын айтымында, кырсык Таш-Көмүргө бара жаткан жолдо айдоочу рулду башкара албай калгандыктан улам болгон — анын жыйынтыгында унаа бир нече жолу оодарылып кеткен.

«Таш-Көмүргө бара жаткан жолдо чукул имерилиш, серпантин бар, ал ошол жерден рулду башкара албай, унаа бир нече жолу оодарылып кеткен», — деди басма сөз катчы.

Учурда айдоочунун өзүнүн абалы туруктуу. Эржигитовдун айтымында, кырсык маалында ал унаада жалгыз болгон.

«Айдоочусу учурда үйүндө, материалдык жардам алды, азыр дарылануу курсунан өтүп жатат. Бир аз басып калды», — деди ал.

Эржигитов автоунааны калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Сүрөт: kyrgyznews.kg