Бишкектин «Алга» клубу АФКнын 2016-жылкы кубогунун тандап алуу бөлүгүнүн «В» тобундагы чечүүчү оюнда бангладештик «Шейх Джемал» менен 1:1 эсебинде тең чыгып, мелдештин плей-офф бөлүгүнө өтө албай калды.

Беттештин эсебин 21-мүнөттө «Алганын» жарым коргоочусу Ильдар Амиров ачты. Ал «Шейх Джемалдын» айып аянтчасындагы чалды-куйду абалдан пайдаланып, топту дарбазанын борбордук бөлүгүн көздөй таамай туштады — 1:0.

«Шейх Джемаль» эсепти беттештин экинчи жарым бөлүгүндө теңей алды. 76-мүнөттө тез ылдамдыкта уланган контрчабуулдун жыйынтыгында чабуулчу Емека кыргыз командасынын айып аяктчасында топко ээ болуп, дарбазаны көздөй катуу сокку узатты— 1:1.

Оюндун жүрүшүндө «Алганын» оюнчулары «Шейх Джемалдын» дарбазасынын алдында бир нече кооптуу абал жаратышты, бирок алардын бирөөсүнөн башкасы гол менен аяктаган жок.

Ошентип, «Алга» футбол боюнча Азия конфедерациясынын Кубогунун плей-бөлүгүнө өтө алган жок.

Тандап алуу бөлүгүндөгү топтук беттештерде кыргыз командасы менен бангладештик клуб бирдей упайга ээ болушту, бирок эрежелерге ылайык, киргизген жана кое берген топтордун айырмачылыктарынын жогору экендигинен улам мелдештин кийинки баскычына «Шейх Джемаль» өттү.

АФК кубогу — Европадагы Европа лигасы мелдешинин аналогу — маанилүүлүгү жагынан Азия конфедерациясынын клубдарынын арасындагы экинчи деңгээлдеги мелдеш.

Анда 24 өлкөнүн чемпиондору жана АФК президентинин 2014-жылкы кубогуна катышкан командалар ойношот.

Былтыр «Алга» өлкө чемпионатындагы «Топ Лигада» үчүнчү орун алганына карабастан ал АФК кубогуна Кыргызстандын атынан катышты. Өткөн жылы вице-чемпион болгон «Абдыш-Ата» мелдешке катышуудан баш тарткан, а учурдагы чемпион «Дордой» 9-февралда өткөн квалификациялык бөлүктө түркмөнстандык «Ахалом» клубуна утулуп, кубоктун кийинки оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Тандап алуу бөлүгүнүн «В» тобундагы беттештеринин бардыгы тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.