«Күчтүү Кыргызстандын» басма сөз кызматы партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Расул Умбеталиевдин айткандарын четке какты. Ал партиянын «Ата Мекен» менен кызматташуусуна каршы пикирин билдирип, партиянын лидери Аида Салянованы кызматташуу тууралуу чечимди «жалгыз» кабыл алган деп айыптаган.  

«Күчтүү Кыргызстан» билдирүүсүн 17-август күнү кечинде чыгарды. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Умбеталиев ошол эле күнү эртең менен маалымат жыйынын өткөрүп, Салянованы парламенттик шайлоого Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекени» менен бирге баруу чечимин «жалгыз» кабыл алган деп айыптаган.

Партиянын басма сөз кызматы «Күчтүү Кыргызстандын» «Ата Мекен» менен кызматташуусу тууралуу чечим Салянованын партиясынын саясий кеңеши тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди.

«Күчтүү Кыргызстан» партиясынын «Ата Мекен» партиясы менен кызматташуусу тууралуу чечим «Күчтүү Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин 2015-жылдын 4-августундагы чечими менен кабыл алынган. Бирок адатта бул сыяктуу маселелерди чечүү жеке төраганын ыйгарым укуктарына кирет», — деп жазылган «Күчтүү Кыргызстандын» билдирүүсүндө.

Ошондой эле партиядан «Ата Мекендин» талапкерлеринин болжолдуу тизмесине «Күчтүү Кыргызстандын» үч мүчөсү киргенин билдиришти.

«Ошондой эле Р.Умбеталиевдин Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн «Ата Мекендин» тизмесине кирген «Күчтүү Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү тууралуу билдирүүлөрү да чындыкка дал келбейт. Партиядан тизмеге үч киши кирди жана алардын арасында Салянованын туугандары жок», — деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.

«Жеке кабыл алынган» чечим

Умбеталиев маалымат жыйынында Салянова «Ата Мекен» менен кызматташуу тууралуу чечимди «жалгыз» кабыл алгандыгына нааразычылыгын билдирген.

«Салянова «Күчтүү Кыргызстан» үчүн баарын өз алдынча чечип койду. Анын бир буту «Күчтүү Кыргызстан» партиясында, а экинчи буту «Ата Мекен» партиясынын парламентке талапкерлеринин тизмесинде», ― деген Умбеталиев.

Ал эки партиянын кызматташуусу тууралуу жаңылыктардан укканын жана сүйлөшүүлөргө катышпагандыгын айтты.

Анын айтымында, «Ата Мекендин» 16-августтагы съездинен кийин жарыяланган болжолдуу тизмесине «Күчтүү Кыргызстандан»Салянова менен анын бир тууганы кирген.

Умбеталиев «Ата Мекендин» лидерлери шайлоого аталган партиянын атынан катышуу үчүн 300 миң АКШ долларын талап кылгандыктарын билдирди.

«Ата Мекен» партиясы 90 пайыз олигархтар менен капчыктуулардан турат. Эгер акчаң жок болсо, анда парламентке өтө албайсың», ― деди Умбеталиев.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт — ал 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки Жогорку Кеңештин депутаттарын экинчи жолу шайлоо болот.

Шайлоого катышуу ниетин 30дан ашык партия билдирген. 25-августка чейин шайлоого катышууну каалаган партиялар талапкерлеринин тизмесин тактап, 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн төлөөлөрү керек болот.

«Ата Мекендин» 16-августта өткөн партиялык съездинин жыйынтыгы боюнча, Салянова партиянын талапкерлеринин тизмесинде төртүнчү болуп жазылган.

Сүрөт: «Азаттык» радиосу.