«Күчтүү Кыргызстан» партиясынын лидери Аида Салянова шайлоого «Ата Мекендин» тизмесинде 4 болуп катышат ― бул анын партиялашы Расул Умбеталиевдин нааразычылыгын жаратты. Ал Салянова партиялардын кызматташтыгы тууралуу «жеке өзү чечим кабыл алууга укуктуу эмес болчу» деп эсептейт.

Расул Умбеталиев «Күчтүү Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет. 2015-жылдын жазында Салянова аталган партиянын курамына кирип, көп өтпөй партиянын төрайымы болгон.

Августта Салянова «Күчтүү Кыргызстан» алдыдагы парламенттик шайлоого Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» партиясы менен бирге барарын билдирген.

Умбеталиев партиянын «Ата Мекен» менен кызматташуусу тууралуу чечимди Салянованын «өз алдынча» кабыл алганына нааразы.

«Салянова «Күчтүү Кыргызстан» үчүн баарын өз алдынча чечип койду. Анын бир буту «Күчтүү Кыргызстан» партиясында, а экинчи буту «Ата Мекен» партиясынын парламентке талапкерлеринин тизмесинде», ― дейт Умбеталиев.

Ал эки партиянын кызматташуусу тууралуу жаңылыктардан укканын жана сүйлөшүүлөргө катышпагандыгын айтты.

Умбеталиев «Ата Мекендин» лидерлери шайлоого аталган партиянын атынан катышуу үчүн 300 миң АКШ долларын талап кылгандыктарын билдирди.

«Ата Мекен» партиясы 90 пайыз олигархтар менен капчыктуулардан турат. Эгер акчаң жок болсо, анда парламентке өтө албайсың», ― деп билдирди Умбеталиев.

Анын айтымында, «Ата Мекендин» 16-августтагы съездинен кийин жарыяланган болжолдуу тизмесине «Күчтүү Кыргызстандан» жалгыз Салянова гана кирген.

«Ата Мекендин» басма сөз кызматынан Умбеталиевдин билдирүүлөрү боюнча түшүндүрмө бербей тургандыктарын билдиришти.

«Биз дарегибизге айтылган ар бир билдирүүгө эле реакция жасай бербейбиз — сын-пикир айтууга ар бир жаран укуктуу», — деди партиянын басма сөз катчысы Кайыргүл Урумканова.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт — ал 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки Жогорку Кеңештин депутаттарын экинчи жолу шайлоо болот.

Шайлоого катышуу ниетин 30дан ашык партия билдирген. 25-августка чейин шайлоого катышууну каалаган партиялар талапкерлеринин тизмесин тактап, 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн төлөөлөрү керек болот.

«Ата Мекендин» 16-августта өткөн партиялык съездинин жыйынтыгы боюнча, Салянова партиянын талапкерлеринин тизмесинде төртүнчү болуп жазылган.