«Ата Мекен» партиясынын шайлоого катышуу үчүн түзүлгөн болжолдуу тизмесинин алдыңкы саптарына партиянын түптөөчүсү Өмүрбек Текебаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов жана «Курманжан Датка» тарыхый тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз жазылышты.

Париянын 16-августта Бишкекте өткөн съездинде 2015-жылдын 4-октябрында өтчү парламенттик шайлоого талапкер катары катыша турган 200 кишиден турган талапкерлердин болжолдуу тизмеси жарыяланды.

Тизменин биринчи сабына партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев жазылган. Ал иш-чарага келген делегаттар «татыксыз» талапкерлерди чийип салууга укуктуу экендиктерин түшүндүрүп, акыркы тизме добуш берүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен түзүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары парламеттик «Ата Мекен фракциясына «ишенишет» жана беш жыл ичинде анын дарегине «4 миңден ашык каттар менен кайрылуулар» келип түшкөн.

«Биздин депутаттардын кабыл алуусунда 42 миң жаран болгон. Бул сандар менен таанышкан соң айласыздан мекендештерибиздин көйгөйлөрү канчалык көп, алардын жашоосун жеңилдетип, жардам берүү үчүн бизге дагы канча көптөгөн иштерди жасоо керектигин ойлойсуң», — деп билдирди Текебаев.

Съездге ушул жылдын январында отставкага кеткен мурдагы башкы прокурор Аида Салянова катышты. Ал өзүнүн отставкасынын себебин коррупция менен күрөшүүдө «саясий колдоосуз» калганы менен түшүндүргөн.

Салянова партиянын акыркы тизмесинде төртүнчү сапка жазылды. Ал алдыдагы шайлоого «Ата Мекендин» курамында катышат — августта экс-башкы прокурор өзүнүн «Күчтүү Кыргызстан» партиясы менен Текебаевдин саясий уюму ортосундагы кызматташтык тууралуу билдирген.

«Күчтүү Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Расул Умбеталиев Салянованын шайлоого «Ата Мекен» менен бирге баруу боюнча «өз алдынча» кабыл алган чечимине нааразычылыгын билдирди.

Делегаттардын жыйынына шайлоого Текебаев менен бирге барарын билдирген экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, ошондой эле режиссер Садык Шер-Нияз да келишкен.

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов «Ата Мекендин» тизмесинде үчүнчү сапка жазылган, бирок анын шайлоого катышуусу шек жаратууда — июлдун ортосунда Ош шаардык соту ага карата «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деген айып менен 7 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн сырттан чыгарган.

Андан сырткары «Ата Мекендин» тизмесинде милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүүгө каршы болгон Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова менен Курманбек Бакиев президент болуп турганда Эсеп палатасынын башчысы кызматында иштеген Искендер Гайпкулов дагы бар.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт — ал 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки Жогорку Кеңештин депутаттарын экинчи жолу шайлоо болот.

Шайлоого катышуу ниетин 30дан ашык партия билдирген. 25-августка чейин шайлоого катышууну каалаган партиялар талапкерлеринин тизмесин тактап, 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн төлөөлөрү керек болот.

«Ата Мекендин» 16-августта өткөн партиялык съездинин жыйынтыгы боюнча, Салянова 2015-жылдын октябрында өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесинин төртүнчү сабында катышат.

«Ата Мекендин» 120 талапкеринин тизмеси:

  1. Өмүрбек Текебаев, партия лидери;
  2. Садык Шер-Нияз, «Курманжан Датка» тасмасынын режиссеру;
  3. Мелис Мырзакматов, Оштун экс-мэри;
  4. Аида Салянова, мурдагы башкы прокурор;
  5. Наталья Никитенко, парламент депутаты;
  6. Жоомарт Оторбаев, экс-премьер-министр;
  7. Жоомарт Сапарбаев, парламент депутаты;
  8. Бахадыр Сулайманов, парламент депутаты;
  9. Айсулуу Мамашева, «Дасмия» комплексинин башкы директору;
  10. Сайдулла Нышанов, парламент депутаты;
  11. Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы юстиция министри;
  12. Эмил Токтошев;
  13. Асия Сасыкбаева, парламенттин вице-спикери;
  14. Каныбек Иманалиев, парламент депутаты;
  15. Абдимухтар Маматов, парламент депутаты;
  16. Искендер Гайпкулов, Эсеп палатасынын мурдагы башчысы;
  17. Гүлнара Самат-Клара;
  18. Ташполот Балтабаев, парламент депутаты;
  19. Талант Узакбаев, парламент депутаты;
  20. Рысбек Мирзаматов, Мырзакматовдун жакын санаалашы;
  21. Нургүл Бакирова;
  22. Болот Шер;
  23. Нурбек Сыдыгалиев;
  24. Улан Нуркулов;
  25. Бурул Аманова;
  26. Шайлобек Атазов;
  27. Шералы Абдылдаев;
  28. Али Водянов;
  29. Клара Сооронкулова;
  30. Улан Ниязбеков;
  31. Камалидин Токтосартов;
  32. Сейдахмат Исмаилов;
  33. Эркингүл Иманкожоева;
  34. Акылбек Арстанбеков;
  35. Уланбек Турдалиев;
  36. Жумабай Айипов;
  37. Жамал Миңбаева;
  38. Шафкат Асанов;
  39. Фархат Бекмамбетов;
  40. Темирбек Курманбеков;
  41. Чолпон Оморбекова;
  42. Кылычбек Исамамбетов;
  43. Сагынбек Жаманкулов;
  44. Азиз Муратов;
  45. Зухра Бебезова;
  46. Салкынбек Ташбаев;
  47. Райхан Өзүбеков;
  48. Казыбек Эргешов;
  49. Дарья Крылова;
  50. Алтынбек Карамолдоев;
  51. Абдимиталип Сатыбалдиев;
  52. Калыбек Эстуйбасов;
  53. Акылай Маасаидова;
  54. Мурат Жураев;
  55. Сыймыкбек Сапаров;
  56. Акуналы Досалиев;
  57. Айнура Адибаева;
  58. Акыл Түмөнбаев;
  59. Шаирбек Абдрахман уулу;
  60. Мааданбек Караев;
  61. Айгерим Айдарова;
  62. Тариэл Абдылдаев;
  63. Кубанычбек Эгембердиев;
  64. Дүйшөн Сатыбалдиев;
  65. Бактыгүл Темирова;
  66. Жалолидин Нурбаев;
  67. Алымжан Козубаев;
  68. Калдарбек Абдраманов;
  69. Самара Мурзаматова;
  70. Алишер Маданбеков;
  71. Эрик Орунбеков;
  72. Касымбек Исманов;
  73. Гүлниза Бейшенбаева;
  74. Эрлан Аскаров;
  75. Патидин Вахапов;
  76. Уларбек Жунусов;
  77. Гүласал Садырбаева;
  78. Бакыт Шарыпов;
  79. Рысбай Аматов;
  80. Салтанат Эргешова;
  81. Турсунай Абдувапова;
  82. Сакен Борбашев;
  83. Турат Мадылбеков;
  84. Шахнозахан Рузиматова;
  85. Анара Султанова;
  86. Абдижапар Аккулов;
  87. Кумарбек Мисиралиев;
  88. Айдар Жоробеков;
  89. Турсунай Өмүрзакова;
  90. Кемелбек Асанов;
  91. Эркинбек Асанов;
  92. Темирлан Бекботоев;
  93. Нурила Кочкорбаева;
  94. Марс Наспеков;
  95. Кылычбек Мырзакматов;
  96. Каныбек Ормонов;
  97. Аида Исакова;
  98. Нурлан Дунканаев;
  99. Акат Момунов;
  100. Салахиддин Жамалов;
  101. Элмира Иманалиева;
  102. Үсөнбек Байтереков;
  103. Хашым Ахматжанов;
  104. Улан Батыров;
  105. Галина Спивакова;
  106. Темир Жоробеков;
  107. Медеткан Шеримкулов;
  108. Мурат Соорбеков;
  109. Айнура Эргешова;
  110. Алмаз Мустапакулов;
  111. Дастанбек Ходжаев;
  112. Алмазбек Кожомкулов;
  113. Акылай Эркинбек кызы;
  114. Кубанычбек Нуранов;
  115. Чынгыз Акматов;
  116. Акылбек Маматкулов;
  117. Айгүл Идинова;
  118. Октябрь Абдрахманов;
  119. Турусбек Жумалиев;
  120. Райкан Төлөгөнов.

Автор: Шерзод Бабакулов