Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Социалдык фонддогу «кызмат абалын кыянат пайдалануу» фактысы боюнча парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш ишин токтотту.

Сот жыйыны 17-августта өттү — жергиликтүү ЖМКлардын маалыматтары боюнча, анда судья Абдуразак Боромбаев Соцфонддогу «коррупция» боюнча Келдибековго каршы козголгон кылмыш ишин токтотту. Башкы прокуратуранын айыптоосуна ылайык, ал мамлекетке 24 млн. сомдон ашык «зыян келтирген».

vb.kg жаңылыктар сайтынын маалыматы боюнча, сот мындай чечимди кылмыш ишинин «мөөнөтү аяктагандыктан» улам кабыл алган.

«17-августта Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев Социалдык фонддогу коррупция тууралуу парламент депутаты Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш ишин токтотту. Сот мындай чечимди аталган айыптоо боюнча иштин мөөнөтүнүн аяктагандыгына шилтеме жасап кабыл алды», — деп жазган басылма.

«АКИпресс» маалымат агенттиги билдиргендей, Келдибековдун жактоочулары ал иштен 10 жылдан ашык убакыттын өткөндүгү боюнча өтүнүч арыз жазышкан.

«Жыйынтыгында сот ал өтүнүчтү канааттандырды», — деп жазды басылма.

Келдибековго каршы башка айыптоо эпизоддору менен козголгон кылмыш иштери боюнча соттук процесс 18-августта уланат — ал ошондой эле Салык кызматын башкарып турганда коррупциялык иштерге барган жана парламент төрагасы болуп турганда Москвада «мыйзамсыз» өкүлчүлүк ачкан деп айыпталууда.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Келдибеков парламенттик шайлоого Исмаил Исаков тарабынан жаңы негизделген «Азаттык» партиясынын атынан катышышы мүмкүндүгүн билдиришкен.

«Сот Келдибековду актайбы?»

«Азаттык» радиосу Биринчи май райондук соту соттук угууларды баштаган 2015-жылдын майында күбөлөр экс-төраганын пайдасына көрсөтмөлөрүн өзгөртүп баштагандыктарын жазган.

Анда «Азаттык» сотто «Жогорку Кеңештин онго жакын депутаты» Келдибековдун пайдасына көрсөтмө бергендиктерин айткан парламентарийдин коомдук коргоочусу Азимбек Бекназаровдун сөздөрүн келтирген.

«Бир дагы киши, бир дагы далил Келдибековдун күнөөсүн көрсөтпөй эле. Бардыгы тең бул иште саясий кызыкчылык бар деп жана кылмыш ишин козгоого негиз жол болчу деп айтып жатышат. Төрага парламенттин токтомдору үчүн жооп бербейт. Эгер ал токтом туура эмес болгон болсо, анда ал үчүн аны жактырган депутаттардын бардыгы тең жооп бериши керек», — деп жазган «Азаттык» радиосу Бекназаровдун айткандарын.

Анда басылма Келдибеков «бийлик менен соодалашууга баргандыктан» ал жыйынтыгында акталып чыгат деп божомолдогон.

Келдибековго каршы айыптоолор

2013-жылдын ноябрында Акматбек Келдибековго каршы Салык кызматы менен Социалдык фондду башкарып турганда «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деген айыптар тагылган.

Саясатчы салык чогултуу кызматын «Бизнес өнөктөш» деген аталыштагы жеке компанияга берген жана «жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен көчүрмөлөрдү чыгарууга» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 миллион сомду мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелген.

Ошондой эле Акматбек Келдибеков Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан деп айыпталган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган уюмду кармап турууга 10 миллион сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн —ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табыла турган болсо10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген.

«Саламаттыгынын начарлашы»

Экс-парламентарийдин иши боюнча сот Келдибековдун «саламаттыгынын начарлашынан» улам жылдырылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2014-жылдын августунда анын Германияга чыгып дарыланып келүүсүнө уруксат берген. Жарым жылдан кийин, 2015-жылдын февралында ал кайра Кыргызстанга кайтып келген

Башкы көзөмөлдөө органы айыпталуучунун Германияга барып дарылануусуна уруксат берген Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча даттанган. Алар соттун уруксаты «коргоо тараптын өтүнүч арызына гана негизделгендиктен» аны «негизсиз» деп эсептеген.

«Коргоо тараптан сотко берилген медициналык документтердин биринде да сот жообуна тартылып жаткан адамдын республиканын аймагындагы медициналык жайларда дарылануусуна болбой тургандыгы жөнүндөгү корутунду берилген эмес», — деп билдирген анда Башкы прокуратура.