Милиция кызматкерлери күйөөсүн «өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп», анын денесин жиликтеп салган деген шек менен 25 жаштагы Бишкектин жашоочусун кармады. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Борбордун 5-кичи районундагы таштанды челектердин биринде адамдын дене бөлүктөрүнүн табылгандыгы тууралуу билдирүү милицияга 14-августта жеткен. Текшерүүнүн жүрүшүндө анда эркек адамга таандык болгон адамдын буттары менен колдору табылган.

Дененин калган бөлүктөрү бир нече күндөн кийин табылган. Каза болгон адамдын башы 15-августта Фучик көчөсүндөгү таштанды таштоочу челектердин биринде, а тулку бою 17-август күнү «Бахчисарай» кафесинин маңдайында табылган.

Тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин табылган дене мүчөлөрү Ош облусунда туулган 34 жаштагы Эрлан Оркошевге таандык экендиги аныкталган. Ал Бишкектин эң түштүк бөлүгүндөгү кичи райондо жашап келген.

Бишкек ШИИБсинин башчысынын орун басары Самат Курманкулов бул иш ички иштер министри Мелтс Турганбаев менен ШИИБнин башчысы Кашкар Жунушалиевдин «жеке көзөмөлүнө» алынгандыгын, ошондуктан аны иликтөөгө «көп кызматкер» тартылганын билдирди.

«Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү» кылмышына шектелип анын 25 жаштагы жубайы Айдай С. кармалган — ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуган, жерлиги Ош облусу.

Жубайы 12-август күнү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, күйөөсүн бычак менен сайын жибергенин мойнуна алды. Кылмыштын изин жашыруу үчүн ал күйөөсүн жиликтеп, шаардын ар кайсыл бөлүктөрүнө алып барып таштаган.

«Бул кылмыш кадимки үй-бүлөдөгү уруштан улам жасалган — күйөөсүн ал өзү өлтүргөн. Андан соң такси айдоочуларынын жардамы менен анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсыл бөлүгүнө алып барып таштаган. […] Тулку боюн чемоданда өрттөөгө аракет кылышкан», — деп билдирди Курманкулов.

Анын айтымында, тергөө иштери жүрүп жаткан маалда Айдай үйүндө болгон. Сурактын жүрүшүндө ал күйөөсү «аны бир топ жолу сабагандыгын» айткан. Аны кармоо маалында аялдын денесинде күйөөсү калтырышы мүмкүн болгон көгөргөн жерлери аныкталган.

ШИИБден Айдайга психиатралдык экспертиза дайындалгандыгын билдиришти. Буга чейин ал психиатралдык ооруканаларда каттоого алынган эмес. Шектүү катары кармалган ал аял менен жолдошунун эки баласы бар болгон.