Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Ош базарында рейд өткөрүшүп, шаардагы маршруттук таксилердин айдоочулары тарабынан эреже бузууларды аныкташты — мөөнөтү аяктаган техникалык паспорттор жана транспорт каражаттарынын канааттандыраарлык эмес абалы.

18-август күнү эртең менен «автобус-кичи автобус» аталышындагы рейддин алкагында Бишкектин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу транспорттору текшерүүгө алынды. Рейддин жүрүшүндө дээрлик маршруттук таксилердин бардыгы тең текшерүүдөн өтүшкөн жок.

Негизинен маршруттук таксилердин айдоочулары автоунааларынын техникалык пасортторун узарткан эмес, ошондой эле диспетчердик пункттарда милдеттүү текшерүүдөн өтүшкөн эмес. Айдоочулардын бир бөлүгү медицина кызматкеринен текшерүүдөн өтпөстөн эле бир нече каттам жасоого жетишишкен — ЖКК өкүлдөрүнүн айтымдарында, мунун менен алар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч туудурушкан.

Рейддин жүрүшүндө аныкталгандай, маршруттук таксилердин арасында транспорт каражатынын абалы канааттандыраарлык эмес болгондор көп кездешкен. Кээ бир айдоочулар бир жыл мурун эле алмаштырылышы керек болгон «жылаңач дөгөлөктөр» менен жүрүшкөн. Башкалары болсо тыюу салынганына карабастан кичи автобустардагы алдынкы үч жүргүнчү отургучтарын алып коюшкан.

ЖККнын Техникалык бөлүмүнүн инспектору Канат Жолдошев Kloop.kgге токтотулган маршруттук таксилердин бардыгында тең «мыйзам бузуулар бар экенин» айтты.

«Мисалы, сырткы көрүнүшү анын сырдалышын талап кылат, ошондой эле медициналык жана техникалык кароолордон өтпөгөндөр көп», — деди Жолдошев.

Анын айтымында, текшерүүдөн өтпөгөн транспорт каражаттары айып төлөөчү унаалар токтотулчу жайга жеткирилет, а айдоочулар убактылуу айдоочулук күбөлүктөрүн алышат. Андан сырткары айдоочулар 300 сомдон 3 миң сомго чейинки өлчөмдөгү административдик айып пул төлөшү керек болот.

Видео: Владимир Цай.