Колго түшүрүү маалында адам өлтүрүүгө шектүү өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Милициянын версиясы боюнча, ал «жоопкерчиликтен кутулууга» үмүттөнүп, өз кан тамырын кесип жиберүүгө жетишкен.

«Бирге жашаган аялды» өлтүрүүгө айыпталып жаткан Акимжан Ж. колго түшүрүү маалында өз кан тамырын кесип жиберүүгө аракет кылган бул тууралуу kloop.kgге Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ал жоопкерчиликтен кутулууну кааласа керек, же кылган ишине өкүнүп жатканын көрсөткөндүр. Анын жарааттары анча терең эмес болгон, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү», — деп билдиришти мекемеден.

Кылмыш 18-августка караган түнү жасалган. Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаевка айылынын жашоочулары белгисиз адам аялды бычак менен сайгандыгы тууралуу милицияга кабарлашкан.

Алган жаратынаан улам ал Айбарчын А. аттуу аял каза болгон. Анын жерлиги Ош облусу болгон 38 жаштагы ошол айылдын тургуну экендиги аныкталган. Ал түнү анын үйүнө «мурда чогуу жашап жүргөн» 49 жаштагы Акимжан Ж. аттуу киши барып, ал экөөнүн ортосунда чыр чыккан. ИИМдин маалыматы боюнча, кармалган адам аялды балдарынын көзүнчө бир нече жолу бычак менен сайган.

«Андан соң ал киши белгисиз тарапта көздөй качып кеткен. Коңшулары милицияны жана тез жардам кызматын чакырышкан», — деп билдиришти укук коргоо органдарынан.

Шектүү адамды Кара-Балта шаарынын четинен ошол эле күнү кармашкан. Колго түшүрүү маалында ал «өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган», бирок жарааты анчалык терең эмес болгон.

Тергөө иштери аяктаганга чейин ал тергөө абагына камакка алынды.