Виктор Клейменов 40 жыл бою тоо инженери болуп иштеген. Бишкектен Ошко барган сапарында ал Кыргызстандын эки шаарын бириктирип турган жолдо көптөгөн сүрөттөрдү тарткан.
Клейменов тоо профилиндеги ишканаларда иштеп, эмгекти, коопсуздук техникасын сактоо жана экология маселелери менен алектенген. Кыргызстанды кыдырып жүргөн жеке саякаттарында ал өлкөнүн түрдүү аймактарында өтө көптөгөн сүрөттөрдү тарткан.
«Мен сүрөткө тартууга мектепте окуп жүргөндө эле кызыкчумун жана өмүр бою жанымдагы нерселердин бардыгын тартып алууга аракет кылчумун. Досторумду, жумушумду, үй-бүлөмдү. Фрунзе политехникалык институтунда окуп жүргөндө эле «Политехник» гезитинин фотокабарчысы болгом. Кээ бирде досторумдун юбилейлерин, үйлөнүү тойлорун тартчумун», — деди ал.