Караколдук блоггер Азамат Айтбаев (@aitbaevkarakol) «Живой Журналдагы» өз блогуна Караколдун четки бөлүгүндө жайгашкан жайма базар тууралуу сүрөтбаянын жарыялаган.
Материалдын түп нускасы Айтбаевдин блогуна чыккан.
Караколдун уникалдуу ажайып жерлеринин бири Славян базары болуп келе жатат, ал өзүнө көптөгөн туристтерди тартып турат. Мында абийирден башкасынын бардыгын сатып алууга болот. Караколдогу славян базары шаардын Жети-Өгүз районун көздөй чыга беришинде жайгашып, эң кызыктуу базар болуп эсептелет, анткени анда негизинен антиквардык буюмдарды, жасалгаларды сатышат.
Базар салыштырмалуу жакында эле, 10 жыл мурда пайда болгон. Шаар тургундарынын айткандарына ылайык, Орусияга кетиши керек болгон апа ал жерде өз буюмдарын отуруп сата баштап, көп өтпөй анын жанында кереги жок буюмдарын саткысы келген башка шаар тургундары да пайда боло башташкан.
Жайма базар жыл өткөн сайын чоңойуп, мал базарынан кайтып келе жаткан адамдар СССР маалында даярдалган сапаттуу жана пайдалуу бир буюм сатып алуу үчүн көп кире башташкан.
Кээ бир ишкерлер үчүн бул эски буюмдарын сатууга жакшы мүмкүнчүлүк болсо, башкалары үчүн уникалдуу, эски жана сапаттуу буюмдарды табуу мүмнкүнчүлүгү.
Эгер мурда базардын узундугу болгону 500 метр болсо, эми ал дээрлик 5 кварталга чейин созулган.
Антиквардык буюмдардын сүйүүчүлөрү базарга ар жекшемби сайын эрте келишип, өз коллекциясы үчүн керектүү буюмдарды издеп башташат.
Ошондой эле мында бөлмө өсүмдүктөрүнүн жана гүлдөрдүн көптөгөн түрлөрүн сатышат. Алардын баасы 50 сомдон башталып, 4 миң сомго чейин жетет.