Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоло турган продукцияларга болгон баалар жогорулашы мүмкүн, бирок «баалардын кризистүү өзгөрүүсү күтүлбөйт» — бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Эксперттер баалардын өсүү ыктымалдыгы боюнча өз кооптонууларын буга чейин эле айтып келишкен, деп билдирди Панкратов. Анын айтымында, товарлардын «кээ бир түрлөрү боюнча» баалар өзгөрүшү мүмкүн, бирок кризистүү өзгөрүүлөр болбойт.

«Башкасы маанилүүрөөк: [кыргыз] продукциясы Казакстан менен Орусия Федерациясына чыккандан кийин ал кайрадан акча каражаты форматында, инвестиция түрүндө ошол эле өндүрүшкө кайтып келет», — деди экономика министри Kloop.kgге курган маегинде.

Ал Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга экспорттоло турган товарлардын негизгилери болуп «биздин фермерлер тарабынан өстүрүлгөн жашылча азыктары менен мөмө-жемиштер» эсептелерин айтты.

Чек аралардын ачылганына байланыштуу үч өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун көлөмү жогорулайт. Алсак, «Ак-Тилек-Кара-Суу» көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу күн сайын 1000 даанага жакын автотранспорт өтөт:

« [Көзөмөл өткөрмө пункттун] өткөрүү мүмкүнчүлүгү эки багыт боюнча (чыгуу-кирүү) суткасына — 800 даана транспортко чейин. Бирок азыр жүк ташуунун жогорулашынан улам алардын агымы болжол менен миң унаага чейин көбөйдү», — деди Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кадырбек Сукупов.

Анын айтымында, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн Кыргызстанга импорттолуп жаткан товарлардын арасынан популярдуулары болуп курулуш техникалары эсептелет.

Баалар эмнеге көтөрүлүшү мүмкүн?

Кыргызстанга экспорттолуп жаткан товарлардын баасынын жогорулоо ыктымалдыгынын себептери тууралуу Kloop.kgге Борборазиялык эркин рынок институтунун (CAFMI) негиздөөчүсү, экономист Мирсулжан Намазалы айтып берди.

«Кыргызстандан жөнөтүлчү товарлар, өзгөчө айыл-чарба азыктары менен эт бизге караганда кымбат болгон өлкөлөргө экспорттолсо, анда аларга болгон баалар бизде жогорулайт — бул рынок», — деди ал.

ЕАЭБдин башка катышуучулары менен соода-сатыкты жөнгө салуу үчүн кыргыз ишкерлери эл аралык сапат стандарттарына жооп берүүлөрү керек болот, деп эсептейт Намазалы. Жергиликтүү ишкерлер тастыктамадан өтө ала турган лабораториялардын көпчүлүк бөлүгү Казакстандын аймагында жайгашкан.

Экономисттин пикиринде, тастыктамадан өткөрүү жол-жобосу кыргыз ишкерлери үчүн өтө кымбат болушу мүмкүн.

«Биздин фермердик чарбалар негизинен өтө майда —алар өз ара биригишип, белгилүү бир бирдиктүү стандарттар менен бирдиктүү пландарды кармана турган бүтүндөй бир корпорация түзгүчө көп убакыт керек», — деп эсептейт ал.

12-августта Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы чек аралары Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинин алкагында ачылган. «Ак-Тилек-Кара-Суу» көзөмөл өткөрмө пунктунун өкүлдөрүнүн маалыматтары боюнча, андан бери жалпысынан миңге жакын бажы талондору толтурулган.