Би-би-си: Сириядагы согушту көргөн тажик аялдын баяны

Сириядагы өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атап алган экстремисттерге кошулуп, кайра кыйынчылык менен кайтып келген тажик аял Би-Би-Сиге интервью берди. Тажик бийликтеринин маалымат боюнча болжолу менен 500дөй тажик атуулу Сириядагы согушка тартылган.

Макаланын түп нускасы Би-Би-Синин кыргыз кызматынын сайтына чыккан.

Алардын 150дөн ашууну мерт болгону айтылууда. Маалыматтарга караганда, Сириядагы согушка 19 жаштан 40 жашка чейинки кишилер тартылып жатат. Алардын айрымдары согуш журүп жаткан жерге аялын жана балдарын дагы алып кетишүүдө. Соңку учурлары Орусиядагы тажик мигранттарынын арасынан “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткендердин саны көп болуп жатат.

Отуз жаштагы Жамалби Хамидова Сирияда үй-бүлөсү менен бир жылдай жүргөн. Ал күйөөсү Шариф Хамидов согушта каза болгондон кийин Тажикстанга – өз мекенине кыйынчылык менен кайтып келген. Би-Би-Синин Дүйшөмбү шаарындагы кабарчысы Анора Саркорова Жамалби Хамидова менен маектешип, Сирияга кантип барып калдыңар? – деп сураган.

Жамалби Хамидова: Жолдошум менен кошуналарым тааныштырган. Бири-бирибизге жагып баш кошконбуз. Өзүм үчүнчү класттан эле мектепти таштап койгомун. Окуганды, жазганды чала-чарпыт билем. Атам майып, апам үй жумуштарын кылат. Ата-энемдин бизге билим берүүгө чамасы жетпей бир туугандарым - баардыгыбыз мектептин аттестатын да алган эмеспиз. Күйөөм менен Краснодарга иш издеп кеттик. Ал курулушта иштечү. Балалуу бололу, аларга жакшы келечек берели деп кыялданчубуз. Бир күнү орус телеканалынан Сириядагы согуш тууралуу программа көрүп жатсак эле Шариф ошол жакка барып согушам деп калды.

Мен аябай таң калдым. Күйөөм экөөбүз таарыныша кеттик. Көпкө чейин бул теманы сүйлөшпөй калдык. Шариф динди бекем карманган үй-бүлөдөн чыккан. Орусияда жүрсө дагы намаздан калчу эмес. Анын тапкандары жашообузга өп-чап жетчү. Квартиранын ижарасын араң төлөчүбүз. Бир күнү Шариф Түркияга жумушка кетем деп калды. Мени досунукуна калтырды. Бир айдан кийин Стамбулда иштеп жатканын айтып, бизди дагы өзү тарапка чакырып алды.

Анора Саркорова: Стамбулга барганыңыздан кийин эмне болду?

Жамалби Хамидова: Стамбул абдан жакты. Күйөөм тосуп алды. Кооз шаар экен. Автобустун ичинде бул жерде жашоо кандай сонун деп ойлонуп бараттым. Шариф мага үн каткан жок. Бир күндөй жол жүргөндөн кийин башка машинеге олтурдук. Бир нече сааттан кийин машине бизди ээн жерге алып келип түшүрүп салды. Шариф суроолорду бербей тезирээк чуркагыла деп бизди ээрчитип жөнөдү. Биз төртөө болчубуз. Жаныбызда бир орус кыз да бар болчу. Көпкө чейин жүгүрдүк. Чарчадык. Каякка баратканыбызды сурап, ыйлаганымда гана күйөөм биз Сирияда экенибизди айтты. Алданганымды ошондо билдим.

Бирок айла жок болчу. Тил билбейм, чоосун жердемин. Каякка бармакмын? Анысына да көндүм. Сирияда эки бир тууган арабдар жашаган үйдөн баш паанек алдык. Бир аптадан кийин башка үйгө көчтүк. Айылдын атын дагы билбейм. Айланабыз бүт тоолор болчу.

Анора Саркорова: Күйөөңүз Сирияда эмне кылчу экен?

Жамалби Хамидова: Күйөөмдү дээрлик көрчү эмесмин. Үйдө башка аялдар менен чогуу жашачумун. Алар араб, өзбек, орус жана чечен аялдар болчу. Күйөөм аптасына же кээде эки аптада бир жолу келчү. Азык-түлүк, негизинен картөшкө жана макарон алып келчу. Ал жердеги аялдардын баргынын күйөөлөрү “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери болчу. Биз бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөстөн колдорубузду жаңсап сүйлөшчүбүз. Арабызда кош бойлуу, балалуу аялдар көп болчу. Биз жашаган жерге бомба түшкөндө бир бөлмөгө кире качып, бири-бирибизге жөлөнүп алып ыйлачыбуз. Балдар да ыйлачу.

Абдан коркчубуз. Эшикке дааратканага эле чыкчубуз. Бетибизди колубуздан бери чүмкөп алаар элек. Сүйлөшүүгө, күлүүгө тыюу салынган. Балдар ооруп калганда дары жок азап чеккенбиз. Бир жолу күйөөм бир айга жоголуп кетти. Кайтып келгенде тааныбай калыпмын. Курсагы төрт жеринен тигилген, арыктаган, кубарган. Мен аны дарылайын десем дары жок. Абдан кыйналганбыз. Бир дагы адам келип бизди сурап койгон эмес.

Анора Саркорова: Күйөөңүз Сирияга эмне үчүн же кандай максат менен келгенин айтты беле?

Жамалби Хамидова: Шариф акырында Сирияга келгенине аябай өкүнүп калды. Ал жараты сакайбай, оорудан уктай албай жүрдү. Ал аны алдап коюшканын көп айтчу. Күйөөм ага кандай убадаларды беришип, кантип алдап коюшканын толук айткан эмес. Ай сайын ага жүз доллар төлөшчү. Бул тамак-ашка араң жетчү. Эки аптадан кийин аны арабдан келип, күчтөп алып кетишти. Дагы жарым айдан кийин үйгө чоочун адамдар келип, телефонго тартылган сүрөттү көрсөтүштү.

Анда күйөөмдүн өлүгү тартылган экен. Ыйлаганга дагы дарманып келген жок. Эми эмне калам? Каякка барам деп олтурдум. Бир аптадан кийин мени бир жакка алып кетишти. Бир дагестандык кишиге нике кыйып, күйөөгө беришти.

Менден сурашкан да жок. Жаңы күйөөм менен бир айдай жашадым. Ал жерде күйөөсү согушта өлгөн аялдарды бала-чакасы менен чогуу кайра эле башка бирөөгө алып беришчү. Аялдардын жашоосу азапка айланган. Бирок мындай жапайы жашоодон кутулуунун айласы жок болчу.

Анора Саркорова: Өз мекениңизге кантип кайтып келдиңиз?

Жамалби Хамидова: Биздин үйдө түрк аял жашачу. Боюнда бар, балалуу аял эле. Анын күйөөсү согушта өлгөнүн айтышып, жаңыдан күйөөгө чык деп атышкан болчу. Бирок ал, мен жана дагы бир чечен аял жергиликтүүлөрдөн сураштырып олтуруп, Түркиянын чек арасына чейин жетип алууну чечкенбиз. Жаңы күйөөмө билгизбей качып кеттик десем туура болот. Чек ара калың тор менен тосулган экен. Күндүзү өтө алмак эмеспиз.

Түнкүсүн арабдардын жардамы менен ошол жердеги бир тешикти таптык да, балдарыбыз менен чогуу Түркия тарапка өтүп кеттик. Бизди кийин табышып, Стамбулга алып барышты. Башымдан өткөргөнүмдү айтып берсем түрк полициясы Дүйшөмбү шаарына билет алып, мени самолетко салып коюшту.

Тажикстанда төрт күн убактылуу абак жайда кармашты. Андан соң бошотуп жиберишти. Ата-энем келип алып кетти. Башыман өткөндөрүмдү дагы деле коркунуч менен эстейм. Аялдарды жана кыздарды мен баскан жолдон оолак болууга үндөйм. Алданбагыла!

Башкы сүрөт: it is elisa