БШК Мырзакматовду талапкер катары каттабай коюшу мүмкүн

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун соттолгондугу анын ушул жылдын октябрында өтө турган парламенттик шайлоого катышуусуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Боршайком соттолгон адамдар шайлоого талапкер катары катыша албай тургандыктарын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Мырзакматовдун «Ата Мекен» партиясынын шайлоо алдындагы тизмесинде калаар-калбасын 4-сентябрга чейин чечиши керектигин билдирди. Мырзакматов Кыргызстандагы таасирдүү саясий биримдиктердин бири деп эсептелген аталган партиянын талапкерлеринин тизмесине үчүнчү болуп жазылган.

Мырзакматов Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу маалында «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деген айып менен 7 жылга сырттан кесилген. Учурда анын кайсыл жакта экендиги белгисиз.

19-августта мурдагы мэрдин жактоочусу Чолпон Жакупбекова саясатчыга каршы чыгарылган өкүмдү мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген. Анын айтымында, ал Мырзакматовдун коргоочуларынын катышуусусуз эле чыгарылган.

Боршайкомдун мүчөсү Жеңишбек Акматов Kloop.kgге курган маегинде шайлоо комиссиясы Мырзакматовдун тагдырын депутаттыкка талапкерлер жазылган партиялык тизмелерди кабыл алуу аяктаган 25-августтан кийин чечерин билдирди.

Акматовдун айтымында, Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, соттолгондугу бар адам кайсыл гана партиянын атынан болбосун шайлоого талапкер катары катыша албайт.

Бирок ал Мырзакматовдун шайлоого катышар-катышпасы тууралуу берилген суроого так жооп берген жок.

«Мыйзамдагы талаптарга дал келбеген адам, шайлоолорго катталбайт. Каалайбызбы же каалабайбызбы бардыгы мыйзамга ылайык болот», — деди Акматов.

Өз кезегинде «Ата Мекен» партиясынын өкүлү «Азаттык» радиосуна курган маегинде саясатчыны партиянын тизмесинен чыгарбай тургандыктарын билдирген. Мырзакматов анын «Улуттар биримдиги» партиясы «Ата-Мекен» менен кызматташууга баруу чечимин кабыл алгандан кийин депутаттыкка талапкер болуп жазылган.

Буга чейин Боршайкомдун өкүлдөрү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маектеринде комиссия партиялардан талапкерлер тизмесинен соттолгондорду алууну өтүнөрүн айтышкан.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт — ал 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки Жогорку Кеңештин депутаттарын экинчи жолу шайлоо болот. Ага катышуу ниетин 30га жакын партия билдиришти.

Мелис Мырзакматов — оппозиционер жана Кыргызстандын түштүгүндөгү таасирдүү саясатчылардын бири. Ал 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин кызмат ордун сактап кала алган көп эмес адамдардын бири.

2014-жылдын башында шаар башчысын тандоо үчүн шайлоо өткөрүлүп, Мырзакматов мэрлик кызматтан кеткен — анда анын ордун президенттик КСДП партиясынан талапкер Айтмамат Кадырбаев ээлеген.

Автор: Чынтемир Колбаев