Көчө фитнеси боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги ушул жылдын августунун аягында Бишкекте өтөт. Мелдештер 8-мектептин аймагындагы атайын аянтчада болот.

Street Workout боюнча кыргыз федерациясы 30-августта Бишкекте Кыргызстандын ачык биринчилиги өтөрүн билдирди.

Эркектер арасында мелдештер үч номинацияда өтөт: фристайл, турникке тартынуу жана төрт кырдуу устунда салмагына салып ойноо. Аялдар үчүн өзүнчө бир номинация: көпүрө жыгачка тартынуу.

Чемпионат маалында спорттук гимнастиканын элементтерин пайдаланууга тыюу салынат.

Катышуучулар мелдеш маалында аларды коштоп турчу музыкалык чыгарма тандап алуулары керек болот — ал ырда адепсиз сөздөр жана баңгизатын, чылымды жана алкоголдук продукцияларды пропагандалоо сөздөрү болбошу керек.

Федерация президенти Тамерлан Богатырев Kloop.kgге мелдешке катышууга каалаган адам билдирме жөнөтсө болорун билдирди.

«Бул Кыргызстанда мындай масштабда өткөрүлүп жаткан биринчи чемпионат. Катышууга 30дан ашык киши билдирме жөнөттү, бирок биз алардын саны 80ге жетет деп күтүп жатабыз Мелдештин максаты — ири иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасына ээ болуу жана спорттун бул түрүнүн популярдуулугун арттыруу», — деди ал.

Мелдештер Эмгек министрлигинин жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу астында өтөт.

Көчө фитнеси спорттун түрү катары Кыргызстанда 2013-жылдан тарта активдүү өнүгүп баштаган. Андан бери кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк чемпионатка катышып, 80 катышуучунун ичинен 38-орунга жазылууга жетишишти.