Арстанбап капчыгайы, жергиликтүү балдар жана пилотсуз учуучу аппаратты издөө тууралуу узакка созулган триллер Kloop.kgнин кабарчысынын күндөлүгүндө. Материал TRIP-2015 деп аталган Кыргызстанды кыдырууга арналган 10 күндүк джип-жүрүш маалында даярдалган.
TRIP-2015тин башкы максаттарынын бири болуп Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу үчүн документалдык тасма менен промо-рлликтерди тартуу эсептелинет.
Мындан сырткары жүрүштүн катышуучулары жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын аймактарындагы балдар үйлөрүнө барышууда.
TRIP-2015 — кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү Kyrgyz Union уюму тарабынан уюштурулган жүрүш. Анын жүрүшүнө уюмдун «Инстаграм» менен «Фэйсбуктагы» расмий баракчасынан да көз салууга болот.
Баяндоо Kloop.kgнин кабарчысы Темир Акимтегиндин атынан жүрөт.
Үчүнчү күн абдан ысык болду — аба ырайы жагынан да, ошондой эле укмуштуу окуялардын болгону жагынан алганда дагы.
Тамактанып алуу үчүн Сары-Челек коругунун жанындагы мейманканадан келе жаткан жолдо, Арстанбаптагы кафеге токтодук.
Каналдын жанынан өтүп баратып сууга түшүп жаткан балдарды көрдүк. Качан биз барып токтогонубузда балдар коркпостон эле кызыгуу менен TRIP-2015 деген жазуулары бар унааларды жана бизди кунт коюп карап калышты. Андан соң алар меймандарга бир аз көнгөндөн кийин жыргап камерага сүрөткө түшүп беришти. Аларды карап отуруп мен өз бала чагымды эстеп кеттим. Ал кыштакта дал ушундай болчу – балдар өз убактыларын эч санаасыз өткөрүп, жайдын ар бир көз ирмемине ыракаттанышууда.
Мен эрте эле тоо чокусуна жете турган учурду дегдеп аябай күттүм. Бирок Арстанбап жаңгак токоюнун бийиктиктеги көрүнүшүнө ыракаттанганга чейин биз кыйла оор жолду басып өтүшүбүз керек болчу.
Максатыбыз чоң шаркыратмага жетүү болчу. Алгач биз өз унааларыбыз менен транспорт алмаштыруу пунктуна чейин бардык, анда бизди советтик ГАЗ жана УАЗ унаалары күтүп туруптур. Менимче, мындай начар жол аркылуу ыңгайсыз отургучтарда баруу керектигине эч ким деле кубанган жок.
Бирок чынында алар таштарды аралап өтчү ал оор жолду багынта ала турган жалгыз унаалар болчу. Ошентсе да ал жолтандабастардын мүмкүнчүлүктөрүнүн да өз чеги бар. Алар андан ары жүрө албай калган соң жолубузду жөө уланттык. Узак убакыт бою тоону көздөй чыккандан кийин биз максатыбызга жеттик да көз алдыбызга жаңгак токоюнун укмуштуудай ажайып көрүнүшү тартылды.
Тилекке каршы видеоролик үчүн укмуштуудай сонун кадрларды тартышы керек болгон пилотсуз учуучу аппараттыбыздын башкаруу пульту менен байланышы үзүлүп калды. Байланышты калыбына келтирүү боюнча бир нече жолку ийгиликсиз аракетибизден кийин кайра төмөн түштүк.
Төмөн түшкөндөн кийин биз ал учуучу аппаратты издеп баштадык. Миша деген жергиликтүү айдоочу бизге жардам берүүгө макул болду — биз анын эски ГАЗ-69уна отуруп алып пилотсуз аппаратыбызды издеп жөнөдүк.
Ошол маалда мен шаркыратмага барчу жолду кооптуу деп эсептеп жаңылганымды түшүндүм. Аппаратты издей турган тоонун чокусуна барчу жол өтө коркунучтуу экен, бирок ошол эле маалда анда укмуштуудай жаратылыш көрүнүштөрү ачылды.
Андай кооптуу шартта айлананы сүрөткө тартууга батынган жокмун: бизге унаанын бортуна эки колдоп катуу карманууга туура келди, бир гана манжаны кое берсең кузовдон учуп кетүү тобокелдиги реалдуудай сезилип турду.
Бул жүрүшүбүз оюн-зоок парктарындагы кандай гана аттракцион болбосун ашып түшкөндөй жана кыйла экстремалдуураак болду. Жолдун кээ бир бөлүктөрүндө автоунаанын дөңгөлөктөрү жардан бир нече гана сантиметр алыстыкта жүрүп отурду.
Жетип унаадан түшкөн соң, бизге учуучу аппараттын болжолдуу кулап түшкөн жерине жетүү үчүн дагы бир топ жогору чыгууга туура келди. Акыры биздин жолубуз болду — пилотсуз учуучу аппаратыбыз табылды, бирок аскага барып урунуп, талкаланып калыптыр.
Мен айдоочунун кайраттуулугуна, ошондой эле жардам берүүгө даяр экендигине абдан таң калдым. Биз камданып алып Ошту көздөй жөнөдүк.
Уландысы бар...
Тема боюнча:
TRIP-2015, 1чи жана 2-күн: Талас, Чычкан жана Сары-Челек